БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов Анкарадагы куралдуу кол салуудан улам каза болгонун өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен РИА Новости билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-декабрь күнү сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында Карловду атып кетишкен.
Окуядан кийин Карловдун оор абалда ооруканага жеткирилгени маалым болгон.
Түркиянын маалымат каражаттарында дипломатка кол салган жарандын сүрөтү жарыяланып, болжол менен 20-25 жаштагы адам жок кылынганы айтылган.
Москва учурда дипломаттын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтууларды кабыл алып жатат. Биринчилерден болуп билдирүү Европа бирикмесинин чет элдик иштер жана коопсуздук саясат боюнча өкүлү Юнкер Федерик Могериниден келди.
БУУ россиялык элчиге болгон кол салууну кескин сынга алса, Анкара мэриясы окуя Россия менен Түркияны араздаштыруу үчүн атайын уюштурулганын белгиледи.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Кирби өлкө "бул зомбулук актысын ким уюштурса да кескин сынга аларын" айтты.