БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Волейбол боюнча улуттук курама Азиянын чемпионатына катышат. Бул тууралуу КРдин Волейбол боюнча федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 20-28-декабрт күндөрү Дакка (Бангладеш) шаарында өтөт.
Даккага Кыргызстандын курама командасынан 10 оюнчу кетти. Алар кураманын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудиновдун жетекчилиги алдында ойношот. Бул жылы таймашка тогуз өлкөнүн командалары катышаары күтүлүүдө. 21-декабрда турнирдин чучу кулагы болот.
Кыргызстандын курама командасы 2015-жылы биринчи жолу Азиянын зоналдык чемпионатына чыккан. Анда бешинчи орунду ээлеген.
2016-жылы кыргызстандык команда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда Бангладеш жана Мальдив аралдарын жеңген.