БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда Берлиндеги жүк ташуучу унаа элди тебелеген каргашалуу окуядан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын жок экенин КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
19-декабрда кечээ кечинде саат 20лар чамасында Германиянын Берлин шаарынын Шарлоттенбург районунда майрамдык жарманке болуп аткан жерге жүк ташуучу унаа кирип, элди тебелеп кеткен. Жыйынтыгында 12 киши каза болуп, 48 адам жаракат алган.
Полиция кырсык атайылап жасалганын айтканы менен аны теракт деп атаган жок. Айдоочу эмнени максат кылганы аныктала элек. Унаанын ичиндеги адамдардын бири кармалып, экинчиси каза болду.