БИШКЕК, 20-дек. —Sputnik. Кечээ кечинде саат 20лар чамасында Германиянын Берлин шаарынын Шарлоттенбург районунда майрамдык жарманке болуп аткан жерге жүк ташуучу унаа кирип, кишилерди тебелеп кеткенин Германиядагы КР элчилигинен билдиришти.
Полициянын алдын ала маалыматына караганда каргашалуу окуя болгон жерде 12 адам каза болуп, 50 киши жаракат алды.
Кыргызстандын Германиядагы элчилиги полиция менен байланышта болуп, каза болгондор жана жаракат алгандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун тактап жатат.