БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну банктык картадан 10 миң 377 сом уурдоого шектелип кармалгандыгын Бишкек шаардык ИИБден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 34 жаштагы калаа тургуну акча уурдатканы тууралуу милицияга арыз менен кайрылган.
"Доочу белгисиз адамдар №48 мектептен анын банктык картасын уурдап ичиндеги 10 миң 377 сомду чыгарып алышканын билдирген. Жазылган арыздын негизинде издөө иштери башталган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган шектүү кыз тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.