Апта ирмеми: сулуу кыздарга тигилген көздөрдөн шайлоого чейин
Апта ирмеми: сулуу кыздарга тигилген көздөрдөн шайлоого чейин
Sputnik Кыргызстан
Салтка айлангандай Sputnik Кыргызстан өткөн аптадагы дүйнөдө болуп өткөн эң маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт. 12.12.2016, Sputnik Кыргызстан
Болгарияда суюлтулган газ ташып бараткан поезд темир жолдон чыгып кетсе, Индонезияда магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталды.
Өзбекстанда 4-декабрь күнү президенттик шайлоо өтсө, туура бир жумадан кийин кыргызстандыктар жергиликтүү кеңеште иштей турган депутаттарды тандап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн добуш беришти.
Пакистанда 47 жүргүнчүсү менен учак кыйроого учураса, Парижде актер Жонни Депптин кызы катышкан Chanel Metiers D'Art мода үйүнүн иш-чарасы болуп өттү.
Өзбекстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча, Либералдык-демократиялык партиядан талапкер болуп чыккан Шавкат Мирзиёев шайлоого келген элдин (87,93%) 88,61 пайыз добушун алган
Болгариянын Шумен облусунда суюлтулган газ ташып бараткан поезд темир жолдон чыгып, айрым цистерналар жарылып кеткен. Кырсыктан беш киши каза болду. Жабыркагандардын саны 29га жетип, 50гө чукул турак жай жана имараттар кыйрады
Американын Окленд шаарындагы кампадан чыккан өрттүн кесепети. Кампа студия катары жасалып чыккан. Анда мыйзамсыз түрдө адамдар жашап келген. Өрттөн 33 киши каза болду. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды
Кениянын борбор калаасында жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигинин алдында медицина кызматкерлеринин нааразылык акциясы болуп өттү. Дарыгерлер 2013-жылы маянаны жогорулатуу боюнча берилген убаданын аткарылышын талап кылган
Индонезиянын Ачех провинциясында 7-декабрь күнү магнитудасы 6,5ке жеткен жер титирөө катталды. Табияттын кырсыгынан 100 киши каза болсо, 750гө жакын адам жаракат алган. 12 миңден ашуун имарат кыйрады
Мурдагы мамлекеттик катчы Хилари Клинтон менен вице-президент Джо Байден Вашингтондогу Капитолийде сенатор Гарри Риддин урматына уюштурулган салтанатта