БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Алдын ала жыйынтык боюнча референдум үчүн добуш бергендердин 80 пайызы ага өзгөртүү киргизүүнү колдогонун БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү. Ага 2 миллион 852 миң кишинин добуш берүү укугу бар болчу.
Алдын ала маалыматтар боюнча референдумга 1 миллион 191 миң (42,07 пайыз) киши добуш берген.
Шайлдабекованын айтымында, шайлоочулардын 80 пайызы референдумду колдосо, 16 пайызы каршы добуш берген.
"Булар алдын ала маалыматтар, алар такай толукталып, жаңыланып турат", — деди ал.
Дээрлик бардык шайлоо участкаларынан маалыматтар келип түштү. Болгону 30-40 шайлоо участкасынан келген маалыматтар эсептелгенин Шайлдабекова баса белгиледи.