Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Азия биринчилиги өтөт

Жазылуу
Турнир 14-21-декабрь күндөрү Улуттук китепканада өтөт.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Азия биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциядан билдирди.

Турнир 14-21-декабрь күндөрү Улуттук китепканада өтөт.

"Турнир эркектер жана айымдар арасында уюштурулат. Ага Кытай, Монголия, Түркмөнстан, Казакстан, Түркия, Түштүк Корея жана Кыргызстандын спортчулары катышат", — деп жазылат маалыматта.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0