Аялды унаасы менен сүйрөп өлтүрүп алган айдоочу кармалганын Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
"4-декабрдан 5-декабрга караган күнү болжол менен түнкү саат 02:30дар чамасында Озгур — Ош жолунан 57 жаштагы Марипат Эрменбетованын сөөгү табылган. Ал денесинен оор жаракаттарды алган. Бул кылмышка шектүү катары Көк-Жаңгак шаарынын 37 жаштагы тургуну кармалды. Иликтөө учурунда ал жигит Озгур айылынын кире беришинде каза болгон аялдын баласы менен ичимдик ичип, өз ара айтышып кеткен деген тергөөнүн алгачкы маалыматтары бар", — деди Сыдыков.
Маалымат боюнча экөөнү маркум аял ажыраткан. Ал машинадан түшүп жатканда бала ачуусу менен эшикти катуу жаап, анын кесепетинен анын оң колу кысылып калып, машина бир нече метрге чейин сүйрөп кеткен. Туура эмес иш жасаганын байкаган жаран аялдын жансыз денесин көрүп, жардам бергендин ордуна окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.
Ош шаарынын милициясы изи сууй электе шектүү катары Lexus RХ-300 үлгүсүндѳгү унаанын айдоочусун кармашкан.