БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев балдарга карата кылмыш жасагандарды абактан мөөнөтүнөн эрте бошотууга тыюу салган мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында кабыл алынган. Ал жашы жете элек баларга карата жасалган зордук-зомбулуктун (педофил, бала өлтүргөндөр) алдын алуу чараларын күчөтүүгө багытталган.
Мындан тышкары, мыйзам аталган жарандарды абактан турак колониясына которууга да тыюу салат.
Мыйзам расмий жарыялангандан соң күчүнө кирет.