БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Тоң райондук ички иштер башкармалыгы адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында саат 19:50дө Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жол каттамын менен бараткан Mercedes-Benz E 320 үлгүсүндөгү автоунаа жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Мындан Тоң районунун Эшперов айылынын 40 жаштагы тургуну кырсык болгон жерден дароо көз жумган.
Айдоочу окуя болгон жерден из суутуп качып кеткен. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иштеринен улам кылмышка шектүү делип Тоң районунда 26 жаштагы жаран кармалган.
Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Иликтөө иштери уланып жатат.