БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Эртең өлкө аймагында жылуу аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарында күндүн табы 24 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында 22 градус жылуу болот.
Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…5 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 1…6 градус жылуу болушу күтүлөт.
Эскерте кетсек, эртеңден тартып өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.