БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолукканын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, жолугушуу учурунда бир катар маселелер талкууланган.
"Президент Алмазбек Атамбаев менен Ли Кэцян кыргыз-кытай ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле кеңири багыттар боюнча өз ара кызматташууну мындан ары арттыруу маселеси көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу учурунда Ли Кэцян Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпиндин саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.