00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңы коалиция жана өкмөттүн тагдыры: эксперттер эмне дейт?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүдө КСДП фракциясы көпчүлүк коалициясынан чыгып, өлкөдөгү саясий кырдал чыңала түштү. Ушундан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы коалиция жана өкмөттүн тагдырына кызыгып көрдү.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik, Исмаил Мамытов. Жаңы коалицияга КСДП, "Республика — Ата-Журт" жана Кыргызстан фракциялары кириши мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саясат таануучу Алмаз Акматалиев билдирди. 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов: КСДП коалициядагы эки фракция менен иштеше албай калды
Эске сала кетсек, дүйшөмбү күнү КСДП фракциясы көпчүлүк коалициясынан чыга тургандыгын расмий түрдө билдирген. Эми мыйзам боюнча көпчүлүк коалиция, анын артынан өкмөт тарайт.

Ушундан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы коалицияга кайсы фракциялар кирип, өкмөттүн курамы эмне болот деген суроого жооп издеп көрдү. 

Эксперт Алмаз Акматалиевдин айтымында, жаңы коалицияга "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Бир Бол" фракциялары кирбейт. 

"Президент жаңы коалицияны түзүүнү КСДПга берип, ага "Республика — Ата-Журт" менен "Кыргызстан" фракциялары кирет. Бул үч фракциянын биригиши менен 80ден ашуун мандат болуп, Конституциялык мыйзамдарды кабыл алууга шарт түзүлөт", — деди Акматалиев. 

Эксперт учурдагы өкмөттүн 3-4 министри кетип, премьер-министр ордунда каларын божомолдоду. 

Жогорку Кеңеште депутаттардын отурумунан тартылган архивдик сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коалиция тарайбы? Маселенин күңгөй-тескейи боюнча пикирлер
"Жээнбеков кызматта калат, анткени КСДП партиясынын мүчөсү. Жаңы коалицияга кирген "Республика — Ата-Журт" фракциясынын өкүлдөрү министрлерди алмаштырат. Ал эми "Ата Мекен" менен "Өнүгүү — Прогресс" фракциясына тиешелүү болгон министрлер кызматтан кол жууйт", — деди эксперт. 

Анткен менен саясий серепчи Табылды Акеров "Өнүгүү — Прогресс" жаңы коалицияда калат деген пикирде. 

"Жаңы курамга КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары кирет. Бирок Бакыт Төрөбаев баштаган фракциянын кириши бир аз кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн. Ал эми өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетпейт", — деди ал.

Акеров жаңы курамга "Кыргызстан" фракциясынын киришине Өмүрбек Бабанов каршы чыгышы мүмкүндүгүн кошумчалады. 

"Бийлик Канат Исаевди РАЖ лидери Өмүрбек Бабановго каршы коюшу мүмкүн. Ошондуктан Бабанов бейформал лидер болуу үчүн "Кыргызстандын" коалицияга кошулуусуна каршы чыгат", — деди серепчи.

Акеров РАЖ жаңы министрликтерди дайындай турганын, ал эми Бабанов өкмөт башчылыкка келбей тургандыгын кошумчалады. 

Ал ортодо "Республика — Ата-Журт" фракциясы жаңы коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр экендигин аталган фракция лидеринин орун басары Руслан Казакбаев билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Руслан Казакбаев
Депутат Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Руслан Казакбаев

"Биздин фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов буга чейин парламентте расмий түрдө позициябызды билдирген. Ошондуктан биз шайлоочулардын алдында берген убадаларыбызды ишке ашыруу үчүн көпчүлүк коалициясына кирүү боюнча сүйлөшүүгө даярбыз. Албетте эгер биздин шарттарга көнүшсө", — деди депутат.

Казакбаев РАЖ эч убакта көпчүлүк коалициясына кирүүгө жулунбаганын кошумчалады. 

Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча позициясын активдүү билдирип келген Чолпон Султанбекова аталган фракция да коалицияга кирүү үчүн сүйлөшүүгө даяр экенин белгиледи.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Чолпон Султанбекова
Депутат Чолпон Султанбекова - Sputnik Кыргызстан
Депутат Чолпон Султанбекова

"Аталган маселе боюнча фракциянын жыйыны боло элек. Буюрса эртең чогулуп талкуулайбыз. "Кыргызстан" фракциясы көпчүлүк коалициясына кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр", — деди Султанбекова.

Эске сала кетсек, буга чейин көпчүлүк коалициясына КСДП, "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстан", "Ата Мекен" фракциялары кирип, жакында эле лидери болуп Канат Исаев дайындалган. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бир канча ирет көз караштар дал келбесе, "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекенди" коалициядан чыгып кетүүгө чакырган. 

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жаңы коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0