Сапардын алкагында мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук боюнча Кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.
ЖККУга мүчө Армения, Беларуссия, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин башчылары эл аралык жана регионалдык олуттуу көйгөйлөрдү, учурдун чакырыктары менен коркунучтарына каршы биргеликте аракеттенүү чараларын талкуулайт.