БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы Салижан Шарипов атындагы мектептин дирекциясы 2014-2015-окуу жылында беш окуучуга мыйзамсыз аттестат бергени аныкталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
![Школа-гимназия №22 имени С. Шарипова в городе Ош Школа-гимназия №22 имени С. Шарипова в городе Ош - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102972/33/1029723339_0:0:1032:581_600x0_80_0_0_ff11ffd1d102a577159c54fec4e4e1fe.jpg)
"Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган мектептин беш окуучусу аталган мектептен мыйзамсыз аттестат алып кеткендиги аныкталды. Тагыраагы, мектеп дирекциясы "башка мектептен окуп, которулуп келди" деген жалган тактамалар менен беш окуучуну 11-класска кабыл алып, аттестат берип жиберген. Ал эми балдар иш жүзүндө тактама алынган мектепте окуган эмес", — деп айтып берди Сыдыков.
ИИМ өкүлү топтолгон материалдар учурда аныкталган фактыга юридикалык баа берүү сунушу менен Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.