00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ПАСЕде сүйлөгөн Нышанов: Батыровду КР эле эмес, Россия менен Өзбекстан да издөөдө

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү
Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунун жыйынында Кадыржан Батыровдун сөз сүйлөшү Кыргызстанда катуу сынга кабылып, өлкө атынан бир катар эл аралык аянтчаларда билдирүүлөр жасалган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Франциянын Страсбург шаарында өтүп жаткан Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын жыйынында Кадыржан Батыров боюнча билдирүү жасады.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Сайдулла Нышанов
Депутат Сайдулла Нышанов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Сайдулла Нышанов

20-сентябрда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунун Варшавада өткөн жыйынында Кадыржан Батыров сөз сүйлөп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин айткан. Мындан тышкары, 2010-жылы анын өлкөдөн чыгып кетиши боюнча жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразычылык билдирип, буга бир катар атка минерлердин тиешеси бар экенин белгилеген.

"Аталган жыйында кыргыз өкмөтүнүн делегациясына жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө эле эмес, оор кылмыштары үчүн изделип жаткан Кадыржан Батыровго да сөз берилди", — деди депутат сүйлөп жатып.

Нышанов КРдин Жогорку сотунун чечими менен Батыров 2010-жылы улут аралык араздашууну тутантып, экиден ашуун адам өлтүргөнү үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылганын белгиледи. Мындан тышкары, ал Россия менен Өзбекстанда да шылуундук үчүн издөөгө алынган.

"Кыргызстан кылмыштары үчүн соттолгон жаранга ЕККУнун аянтчасынан сөз берилгенине катуу нааразы экенин билдирет. Кыргыз тарап Батыров саясий көз карашы, улуту же башка нерселер үчүн эмес, кылмыштары үчүн издөөгө алынып жатканын баса белгилейт", — деди депутат. 

Нышанов бул Батыровдун эл аралык аянтчаларды пайдалануу менен көпчүлүктү адаштырууга жасаган биринчи аракети эмес экенин айтып өттү. 

"Мындан улам биз эл аралык форумдардын криминалдык элементтерге сөз сүйлөө үчүн аянтча берилүүсүнө каршылыгыбызды билдирип, кылмышкерди таап, Кыргызстанга өткөрүлүшүнө башка мамлекеттерди кызматташууга чакырабыз", — деди эл өкүлү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппараты: Атамбаев Батыров менен Отунбаеванын суранычы боюнча жолуккан
Кадыровдун сөз сүйлөшүнө тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кескин сын айтып, БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында нааразылык билдирген. Мындан тышкары, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин макамын өзгөртүү пландалууда.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери ЕККУнун Парламенттик ассамблеясында сүйлөп жатып, аталган уюмдун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунун эрежесин кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилеген.

Батыров 2010-жылдын июнь окуяларында улуттар аралык мамилеге от салганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылып, учурда издөөгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0