Кыргызстан — Түркмөнстан курама командаларынын беттеши башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПолузащитник сборной Кыргызстана Эдгар Бернхардт. Архивное фото
Полузащитник сборной Кыргызстана Эдгар Бернхардт. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул беттеш расмий статуска ээ, андыктан анын жыйынтыгы FIFA рейтингине таасир берет.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан — Түркмөнстан курама командаларынын футбол боюнча жолдоштук беттеши башталды. 

Топту тозуп жаткан дарбазачы - Sputnik Кыргызстан
Аркасы менен пенальти тоскон дарбазачынын видеосу интернетти жарды
Бул беттешке команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 23 оюнчуну чакырган. Оюнга негизги курамдагы беш футболчу катышпайт. Алар: Валерий Кичин, Азамат Байматов, Даниэль Тего (бардыгы коргоочулар) жана жарым коргоочулар Ахлидин Исраилов менен Антон Землянухин.

FIFA рейтингинде КР курама командасы 108-орунда болсо, түркмөндөр 116-сапта. 

Бул беттеш расмий статуска ээ, андыктан анын жыйынтыгы FIFA рейтингине таасир берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0