Шаршемби күнү өлкө аймагында күн жылуу болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын айылынын жашоочулары. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын айылынын жашоочулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 

"Бишкек жана Ош шаарларында күндүн аптабы 23-25 градуска чейин ысыйт", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарын ала булут каптап, күн күркүрөйт. 

Ошондой эле Кыргызгидромет 13-14-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүлөрүн эскертет. 13-октябрда күндүз жана 14-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө карга айланышы мүмкүн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0