21 жаштагы өнөрпоз комуздун коштоосундагы бийи менен россиялыктарды бир чети таң калдырып, бир чети суктандырды. Ал белгилүү комузчу Нурак Абдрахмановдун "Сары-Өзөк" күүсүнө бийлеген.
Калыстар — Сергей Светлаков менен Мигель комуздун күүсү керемет экенин айтышса, Игорь Дружинин ага бий өтө жакканын билдирген.
"Сергей Светлаков комуздун күүсүн аябай жактырып, ага кызыкты. Буга чейин анын үнүн угуп көрбөсө керек. Ал эми Мигель комуздун үнүн угуп транска кирип кеткенин айтты. Игорь Дружинин болсо жалпысынан бийди жактырып, кийинки турга өттүң деп кубанычтуу кабарды айтты", — деди Назарбеков.
"Танцы" телешоусу жай айында тартылган. Анын эфирдик берүүлөрү эми гана каналдан көрсөтүлдү.
21 жаштагы Темирлан Назарбековдун толук интервьюсун Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>