00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Комуз күүсүнө чимирилген Темирлан: бийлегениме үйдөгүлөр каршы чыккан

© Фото / Темирлан НазарбековВыступивший на телешоу "Танцы" на канале ТНТ кыргызстанский танцор Темирлан Назарбеков
Выступивший на телешоу Танцы на канале ТНТ кыргызстанский танцор Темирлан Назарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык бийчи Темирлан Назарбеков Россиянын ТНТ каналындагы "Танцы" телешоусуна катышып, кийинки турга өткөн.
Темирлан Назарбеков: россиялык калыстар комузду угуп транска түшкөнүн айтышты

21 жаштагы Темирлан Назарбеков комуздун коштоосундагы бийи менен россиялыктарды бир чети таң калдырып, бир чети суктандырды. Ал белгилүү комузчу Нурак Абдрахмановдун "Сары-Өзөк" күүсүнө бийлеген.

Кыргызстандык бийчи Жан Воинов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
КР бийчиси Жан Воиновдун "Танцы" шоусундагы бийин ТНТ каналы көрсөттү
Калыстар — Сергей Светлаков менен Мигель комуздун күүсү керемет экенин айтышса, Игорь Дружинин ага бий өтө жакканын билдирген. Жаш бийчини Sputnik Кыргызстан агенттиги кепке тартып, бийлеп жаткан учурдагы сезимдери жана калыстардын айткандары тууралуу суроо салды.

"Танцы" телешоусу жай айында тартылган. Анын эфирдик берүүлөрү эми гана каналдан көрсөтүлдү.

— Сенин аткарган бийиң калыстарга да абдан жакты окшойт. Айрымдары музыкага мас болуп калгандай таасир калтырды.
— Сергей Светлаков комуздун күүсүн аябай жактырып, ага кызыкты. Буга чейин анын үнүн угуп көрбөсө керек. Ал эми Мигель комуздун үнүн угуп транска кирип кеткенин айтты. Игорь Дружинин болсо жалпысынан бийди жактырып, кийинки турга өттүң деп кубанычтуу кабарды айтты.

© Фото / Темирлан НазарбековТемирлан Назарбеков: Сахнага чыкканда аябай эле толкундандым. Себеби, башка жер, башка эл да. Бийлеп баштагандан кийин эле толкундануу сезимдерим жоголуп, бийди ийине жеткире аткарууга аракет кылдым
Выступивший на телешоу Танцы на канале ТНТ кыргызстанский танцор Темирлан Назарбеков - Sputnik Кыргызстан
Темирлан Назарбеков: Сахнага чыкканда аябай эле толкундандым. Себеби, башка жер, башка эл да. Бийлеп баштагандан кийин эле толкундануу сезимдерим жоголуп, бийди ийине жеткире аткарууга аракет кылдым

— Калыстардын алдында өнөрүңдү тартуулоодо толкундануу болдубу? 
— Биринчи чыкканда аябай эле толкундандым. Себеби, башка жер, башка эл да. Бийлеп баштагандан кийин эле толкундануу сезимдерим жоголуп, бийди ийине жеткире аткарууга аракет кылдым. 

— Бийиңди залда отургандар кандай кабыл алды? 
— Алгач түшүнүшкөн жок. Себеби, күүнүн ыргагы башында жай башталат. Орто ченине келгенде темп катуулайт, ошол убакта алар дагы колдоп турушту. Ошондон өзүмө күч-кубат алдым.

— Бул сенин чет жакка алгачкы чыгышыңбы?
— Мен Flash Point командаcы менен бийлейм. Буга чейин Алматыга, Астанага фестивалдарга барып турчубуз. Москвадагы "Танцы" телешоусуна жалгыз катыштым. Бул менин жалгыз бийлөө боюнча алгачкы чыгышым.

— Бийге качантан бери кызыгып калдың? Балким үйүңөрдөн бирөө бийчидир?

Атай бий тобунун көчмөндөр оюнундагы номери - Sputnik Кыргызстан
Атай Өмүрзаков демөөрчү таппай "3D Шоу" долбоорун жапты
— Жок, туугандарыбыздан бийге, деги эле чыгармачылыкка жакындар жок. Болгону ыраматылык чоң атам комуз чертчү. Өзүнүн комузун кичине кезимде "менин жолумду улант" деп мага берген. Ал эми заманбап бийлерге болгон кызыгуум 2011-жылдан тарта башталды, ушул жылдары атайын студияларга жазылдым. Ага чейин Интернеттеги видеолорду көрүп жүрдүм. 2012-жылы Атай Өмүрзаков " Мен бийчи" деген конкурс өткөрүп, We'll be бий тобу менен катышып, биринчи орунду жеңип алганбыз. Аябай кубангам. Ошондон тарта бийге болгон кызыгуум аябай күч алды. Алдыга жылуума аябай түрткү болду. Негизинен алганда бийге болгон кызыгуум 4-класста окуп жүргөн кезде эле башталган. Башында кече бийлери — танго, вальсты бийлеп жүрдүм.

— Бийлегениңе үй-бүлөң каршы болгон жокпу?
— Чынын айтканда башында түшүнбөстүктөр болуп жаткан. "Бийлеп эле жүрө бермек белең, өз кесибиң менен иште" деп жүрүштү. Убакыт өткөн сайын аларга деле түшүндүрүп айттым. Мен үчүн эң башкысы апамдын түшүнүшү маанилүү. Апам түшүндү, апам колдоду. Менин ошол "Танцы" телешоусунда бийлегенимди көрүп аябай кубанды. Бул мен үчүн абдан чоң күч. Мен үй-бүлөдө жалгыз уулмун. 2000-жылы 1-класска барарда атам каза болуп калган. Ошондон бери мени апам колдоп, кеп-кеңешин берип келет.

© Фото / Темирлан НазарбековТемирлан Назарбеков: азыр Туризм академиясында экинчи курста окуп жатам. Ошол эле учурда убакытты кетирбей, бий менен да алектенем. Азыр туризм багытында иштеймби, же бийди аркалап кетемби — так айта албайм
Выступивший на телешоу Танцы на канале ТНТ кыргызстанский танцор Темирлан Назарбеков - Sputnik Кыргызстан
Темирлан Назарбеков: азыр Туризм академиясында экинчи курста окуп жатам. Ошол эле учурда убакытты кетирбей, бий менен да алектенем. Азыр туризм багытында иштеймби, же бийди аркалап кетемби — так айта албайм

— Кесип тууралуу сөз кылып калдың, бийден башка кайсыл кесиптин ээси болсом дейсиң? 
— Азыр Туризм академиясында экинчи курста окуп жатам. Ошол эле учурда убакытты кетирбей, бий менен да алектенем. Азыр туризм багытында иштеймби, же бийди аркалап кетемби — так айта албайм. Бирок бийге болгон каалоом күч.

Жаңылыктар түрмөгү
0