Депутаттар оозунан жаңылганда. Аброй алып келбеген демилгелер

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги депутаттардын орун жайы. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештеги депутаттардын орун жайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев Жамин Акималиев баштаган айрым адамдар депутаттарды сындап жатканын айтып, "замечание" кылбоого үндөдү. Эл өкүлү парламенттин VI чакырылышындагы депутаттар тар бөлмөдө, жардамчы, унаасы жок жандалбастап иштеп жатканын айтты.

Ушундан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги депутаттардын оозунан чыгып, кызуу талкууга жем таштаган учурларды эстеп көрүүнү туура көрдү.

Мугалимдердин кийимин сынга алган Мусабекова

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова
Депутат Жылдыз Мусабекова - Sputnik Кыргызстан
КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин шейшемби күнкү жыйынында КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова мугалимдер мектептерге малчылардай болуп кийинип келерин айтып, катуу сынга кабылды. Анткен менен эл өкүлү айтканынан кайтпай тургандыгын, ал эле эмес, айрым мугалимдер чалып, актуалдуу теманы көтөргөнү үчүн ыраазычылык билдиргенин жар салды

Аз айлыкка ишенбеген депутат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева
Единственная женщина депутат от фракции Онугуу — Прогресс Гульшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева
29-сентябрдагы ЖКнын комитет жыйынында "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева кыргызстандыктардын 9 миң сомдон аз айлык аларына ишенбей тургандыгын айткан. Депутаттын бул пикири жарыяланаары менен талкууга алынып, эл өкүлүн жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чапкандар четтен чыккан. Көп өпөй Асылбаева журналисттер кептин маңызын туура эмес бергенин айтып чыкты.

Эки аял алууну демилгелеген Жолдошбаев

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев
Депутат Камчыбек Жолдошбаев  - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев
Ушул эле "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламентте сүйлөп жатып көп аял алууну мыйзамдаштыруу керектигин балп эткен. Аталган кеп айтылары менен Жолдошбаев заматта айымдардын чабуулуна кабылып, ал дагы журналисттер маалыматты туура эмес таратканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Мен тескерисинче балдар мыйзамдуу үй-бүлөдө төрөлсүн деп айткам. Маалымат туура эмес кетип калыптыр", — деди Жолдошбаев.

Билимби же тамакпы?

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциал-демократ Дастан Бекешов
Депутат Дастан Бекешев  - Sputnik Кыргызстан
Социал-демократ Дастан Бекешов
"Балдарды тамагынан ажыратканы жатат!" Социалдык тармак пайдалануучулары социал-демократ Дастан Бекешовдун демилгесине так ушундай жооп беришти. Эскерте кетсек, эл өкүлү мектептерде ысык тамак берүүнү токтотуп, ага кеткен акчаны китеп сатып алууга жумшоону сунуштаган. Кесиптештеринен айырмаланып, депутат айтканын танып кетпей, демилге күчүндө турат.

Депутат деле бирөөнүн баласы…

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциал-демократ Кожобек Рыспаев
Депутат Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Социал-демократ Кожобек Рыспаев
Премиум классындагы автоунаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Автоунаа, эмерек, баалуу белектер... Маморгандар эмне сатып алууга ашык?
ЖКнын алтынчы чакырылышынын сессиясы каникулдан башталды. Эс алууну узартуунун демилгечиси социал-демократ Кожобек Рыспаев муну депутаттардын теңи Көчмөндөр оюнуна кетип, баары бир кворум болбой турганы менен түшүндүргөн.

Көчмөндөр оюнунан кийин аталган депутат эл өкүлдөрүн "чурулдатып автобус менен алып барган" өкмөткө нааразы болду. Соцтармактын кыргыз тилдүү пайдалануучулары ой-да Рыспаевдин жазасын беришти окшойт. 

Коомчулукту дүрбөлөңгө ЖКнын буга чейинки чакырылышы да салган. Назарыңыздарда "катуу айтылган" беш демилге.

Атын кантсек?..

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүБуга чейинки парламенттин көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов
Депутат Жогорку Кенеша 5-го созыва Феликс Кулов  - Sputnik Кыргызстан
Буга чейинки парламенттин көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов
Буга чейинки парламенттин көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов өлкө атын өзгөрткөн саясатчы катары тарыхта калгысы келди окшойт. Мамлекетти "Республика Кыргыз" же "Республика Кыргыз Эл" деп атоо сунушун уккандардын көбүнүн чачы тик тура жаздады.

Колуң кана?

Пол жуучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Айлык тууралуу айткан депутат Асылбаевага пол жууган аял жооп берди
2013-жылдын 5-мартында болгон ЖК комитетинин жыйынында Кожобек Рыспаев гимн ырдалып жаткан мезгилде колду көкүрөккө албоону демилгелеп чыкты. Сөзү кур болбосун деп, эл өкүлү атайы мыйзам долбоор иштеп чыкты. Өз сунушун депутат айрым айымдар колун көкүрөккө коюудан уялып жатканы менен түшүндүргөн. Бирок бул демилге депутаттын кесиптештери тарабынан колдоо тапкан эмес.

Ишенебиз…

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ар-Намыс" партиясынан депутат болуп келген Акылбек Жапаров
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан
"Ар-Намыс" партиясынан депутат болуп келген Акылбек Жапаров
2011-жылы "Ар-Намыс" партиясынан депутат болуп келген Акылбек Жапаров парламенттин имаратына "Биз Кудайга ишенебиз" деген жазууну илип коюуну сунуштаган. Эл өкүлү буга америкалык конгресстин имаратында жазылып турган "In God we trust" тактасын мисал келтирген. Жапаровдун демилгеси тууралуу керек болсо чет элдик басылмалар да жазып чыккан жайы бар.

Социал-демократ Данияр Тербишалиев андан көрө "Биз эл үчүн иштейбиз" деп жазуу керектигин билдирген. Ал эми дагы бир эл өкүлү Турсунбай Бакир уулу парламенттик трибунага адамдын калпын кармай турган детектор орнотууну сунуштаган. Натыйжада бир да сунуш колдоо таппай, авторлорду соцтармактын пайдалануучулары бир топ сынга алган. 

Шиш така, жарашпайт экен кыштакка

Ачкычтар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жапаров: өспүрүмдөрдүн никесин кыйбай коюп сүйүүсүнө каршы чыкпайбызбы?
Парламентте кийинип жүрүү маселеси бир топтон бери көтөрүлүп келет, бирок эң эле таасирдүүсү "Ата-Журт" фракциясынан депутат Курмантай Абдиевдики болду окшойт. 2012-жылдын күз айларында ЖК аппаратында иштеген кыз-келиндер атырды абайлап пайдалануусу керектигин айткан. Муну менен бирге эл өкүлү айымдардын бут кийимине да нааразычылыгын билдирген. "Такасы ат басып бараткандай такылдайт. Баары ишин токтотуп, ошону карап калып жатышат", деген депутат. Абдиевдин айтымында, аппаратта иштеген кыз-келиндердин такасы 10 сантиметрден ашпашы керек. Бирок бул демилге ишке ашпай, соцтармактарда депутаттын дарегине бир топ терс маанайдагы пикирлер айтылган. 

Эстеликке эстеп жүрөйүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДПчы депутат, учурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков
Депутат Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
КСДПчы депутат, учурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков
2011-жылы КСДПчы депутат, учурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков командировкага барган депутаттардын сувенир алуусуна акча берүү сунушун киргизген. Турсунбеков фракция 2 миллион сом үнөмдөп калганын, эмне үчүн ошол каражатты жеке максатта колдонсо болбостугун айтып чыккан. 

Албетте, аталган билдирүү да талкууга алынып, Турсунбековдун эки бетин кызарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0