БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев көп аялдуулукту колдоого алам деп билдирүү таратпаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар эл өкүлү фракциянын жыйынында көп аялдуулукту мыйзамдаштаруу керектигин айтканын маалымдаган эле.
"Мен көп аял алууга каршымын. Бирден эле аял алыш керек. Мыйзамга да ушуну киргизүү керек. бүгүн парламентте дагы айттым. Буга чейинки чакырылыштарда да айтып келгем", — деди ал.
Жолдошбаев анын айткандарын айрым ЖМКлар каңырыш угуп алганын белгилеп, эки-үчтөн аял алуу бизге туура келбей турганын жана кереги жоктугун кошумчалады.