Айлык тууралуу айткан депутат Асылбаевага пол жууган аял жооп берди

© Фото / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүПол жуучу. Архивдик сүрөт
Пол жуучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү кыргызстандыктар айына 9 миң сом аларына ишенбей турганын билдиргенин бир катар басылмалар жазып чыгышкан. Sputnik Кыргызстан өз ишинин мыкты адиси болуп, 9 миң сомдон аз алгандарды кепке тартты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева кыргызстандыктардын орточо айлыгы 9 миң сом деп төмөндөтүлүп көргөзүлгөнүн, а чынында жарандар андан көп табарын айтканын AKIpress агенттиги жазган.

"Биздин Улуттук статистикалык комитет өздөрүнүн эсептери жана стандарттары менен иштейт экен. Биздин улуттук статисткалык комитети экономика тууралуу керек болсо көмүскө экономиканын деңгээли жана кимдин канча салыгы бар экенин да билет экен", — деди эл өкүлү.

Депутаттын мындай билдирүүсү коомчулуктун катуу сынына кабылды. Sputnik Кыргызстан агенттигине жууп-тазалоо иштерин кылган кызматтын өкүлү Нурия Ташболотова чалып, өзү тууралуу айтып берди.

"Мен мектепте пол жууп иштейм, ал үчүн 4 миң сом алам. Маалыматтардан аял депутаттын айткандарын угуп жүрөгүм ооруп кетти. Абдан ызаландым. Керек болсо мен адам катарына да кошулбайт экем да. Жумушумда мени баары сыйлашат. Башка жумушта иштеген менин тааныштарым деле 9 миңден аз акча алышат", — деди ал.

Sputnik Кыргызстан агенттиги айына 9 миң сомдон аз алган кызматкерлерди тапты.

Куткаруучу

ӨКМдин куткаруучулары айына 8 миңден 15 миң сомго чейин айлык алат. Адамдарды ажалдан алып калган эрдиктери үчүн аларды Ардак грамота менен сыйлап, сүрөтү Ардак тактага илинет.

Дарыгер

Кыргызстанда дарыгерлердин орточо айлыгы 8-10 миң сом. Шаарда иштеген ак халатчандар айылдагыларга караганда бир нече миң сомго көбүрөк алат. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү да ушундай эле акча алат. Жыл сайын дарыгерлер күнүнө карата алардын айлыгына 500 сом кошуп беришет. Жалпысынан алганда өлкөдөгү ар бир дарыгерге 434 бейтап туура келет.

Мугалим

Мугалимдердин айлыгы алардын эмгек стажына жана сабак берген саатына жараша болот. Улуттук статистикалык комитеттин сурамжылоосуна ылайык, агартуу тармагында иштегендер орточо эсеп менен 6-8 миң сом айлык алат.

Карыларды карагандар

Социалдык кызматкерлер (булар жакындарынан ажыраган же карабай кеткен карыларга көз салып турат. Бирок бул иш менен гана чектелишпейт) айына 7-8 миң сом алышат. Жылына Социалдык эмгек кызматкерлеринин күнүнө карата алардын негизги айлыгына 30 пайыз каражат кошулуп берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0