Рыспаев Кожобек Жайчыбекович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Кожобек Рыспаев. Архив
Депутат Кожобек Рыспаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кожобек Рыспаев 1963-жылы Чүй облусундагы Жайыл районундагы Суусамыр айылында төрөлгөн. 1985-жылы Фрунзе техникумун "товартаануу жана азык-түлүк товарларын сатууну уюштуруу" адистиги боюнча аяктаган.

  • 2005-жылы Кыргыз улуттук университетин "финансы жана насыя" адистигин аяктаган. 2013-жылы Кызыл-Кыя жаратылышты пайдалануу институтун "пайдалуу кендерди иштетүү" адистиги боюнча билим алган.
  • Эмгек жолу:
  • 1981-1983 — Советтик армиянын катарында милдетин аткарып, Афганистанда аскердик кызмат өтөгөн;
  • 1985 — Фрунзедеги Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндө килемдерди текшерүү секциясында көзөмөлдөөчү;
  • 1986 — Биринчи Май районундагы №16 дүкөндө ага сатуучу;
  • 1986-1992 — "Комфорт" дүкөнүндө курулуш-материалдарын сатуу секциясында ага сатуучу;
  • 1992 — "Азат" чакан ишканасында коммерция боюнча директордун орун басары;
  • 1992-1996 — "ОГАН" чакан ишканасынын директору;
  • 1996 — Афганистандагы согуштун ардагерлеринин Бишкек шаары боюнча кеңешинин төрагасы;
  • 2010 — "Ар-Намыс" саясый партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын колдонуу комитетинин төрагасы.
  • 2016 — КСДП партиясынан тизмеси менен VI чакырылышка депутат болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0