Алмаз Асанбаев: Россияда миграциялык мыйзамды сактабаган 240 миң кыргызстандык бар
Ал учурда Россиянын мыйзамын сактабай 240 миң кыргызстандык жүргөнүн кошумчалады. Бул кишилерди "кара тизмеге" киргизбегиле деп Россия тараптан КР суранып жатканын айтты.
"Бул кишилер расмий эмес жумушка кирип, айлыктарынан салык төлөбөй, мыйзамды бузуп, биз айткан сөздү укпай дагы деле жүрүшөт", — дейт ал.
Асанбаев өз сөзүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "кара тизмеден" жайында 54 миң киши чыкканын белгиледи. Бул боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын, жакын арада дагы жакшы жыйынтыктар болорун маалымдады.