Ден соолукпу же билимби? Мектептеги түшкү тамакты жоюунун күңгөйү жана тескейи

© SputnikТарелкага салынган тыйындар, кашык жана вилка, архивдик сүрөт
Тарелкага салынган тыйындар, кашык жана вилка, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Дастан Бекешов мектептердеги түшкү тамакты убактылуу токтотуу керек десе, адистер бул сунуш чийки экенин айтышууда.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Исмаил Мамытов. КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов мектептердеги түшкү тамакты убактылуу токтотуп туруу демилгесин көтөрдү.

Анын айтымында, мектеп окуучуларга буга жылына 450 миллион сом бөлүнөт.

Бул тууралуу эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине оюн төмөнкүчө билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов
Депутат Дастан Бекешев  - Sputnik Кыргызстан
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов

"Мектеп окуучуларына жылына 450 миллион сом бөлүнөт экен. Мындан сырткары жергиликтүү бийликтер кошумча каражат бөлөт. Мисалы, Бишкек мэриясы бир күндө бир окуу үчүн 7 сомдон кошот. Тилекке каршы, каражаттар натыйжалуу колдонулбай жатат. Анткени ысык тамак берилбей эле чай менен булочка таратылат. Ал эми китептерге болсо 120 миллион сом каралат. Бул деген үч эсе аз да. Окуучулар чай ичкени барабы же билим алганы барабы?" — деп Бекешов суроо салды.

Эл өкүлү ошол эле учурда окуу куралдарына 600 миллион керектелээрин кошумчалады.

"Жалпы өлкө боюнча мектептерди окуу куралдары менен камсыз кылуу үчүн 600 миллион сом керек дешүүдө. Маселени чечүү үчүн бир жылдык түшкү тамактанууну токтотуп, ошол каражатты окуу куралдарына жумшайлы. Эгер жыйынтыгы жакшы болсо кийинки жылдарын да ойлонуп көрөбүз", — деди депутат.

Демилге чийки, айылдагылардын абалын шаардагылар билеби?

Анткен менен президенттин астындагы Билим берүү жана илимди өнүктүрүү коомдук кеңешинин мүчөсү Маматкалил Разаев демилге чийки деген пикирде.

Жылдын мыкты мугалими – 2016 номинациясынын жеңүүчүсү болуп Баткен областынын Лейлек районунун Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бегалиева Бегайым болду - Sputnik Кыргызстан
"Жылдын мыкты мугалими" наамы Лейлектик эжеге ыйгарылды
"Алгач мектептердеги түшкү тамактын пайда, зыянын эсептеп чыксак жакшы болмок. Бирок окуу куралдары жетишпей жаткандыгы бул факты. Китептер жетишпеген мектепте билим берүү да кыйын. Маселени бул жактан алып, ары жакка салса эле чечилбейт. Бул сунуш өтө чийки. Алгач айылдагы мектептердеги абалды байкап көрсөк. Балким, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына түшкү тамак чын эле керектир. Бишкекте отуруп алып сыртынан тон бычкан туура эмес го", — деди Разаев.

Ал быйыл эле окуу куралдарына 120 миллион сом бөлүнүп жатканын айтып, буга чейин аз бөлүнүп келгенин айтты.

"Көп учурда сапатсыз китептер колдонулууда. Айрым китептер болсо колдонулбай эле китепканада чаң басып жатат. Билим берүү министри окуу куралдары боюнча жакшылап изилдеп чыгып, 120 миллион сомду да үнөмдүү пайдаланса болот. Арканды алыс таштап, стратегиялык система ойлоп чыкса жакшы болмок", — деди адис.

Директор: балдар мектептеги тамакты күтүп жегенин байкоого болот

Ал эми Аксы районуна караштуу №25 Калмат Алымкулов атындагы Мукур орто мектебинин директору Осмонбек Абылкасымов мектептерде ысык тамактар берилип жатканын айтты.

Мектепте оңдоо иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Суук түшкүчө Кыргызстанда дагы 102 мектеп менен бала бакча оңдолот
"Өкмөт тарабынан бир окуучуга 7 сом бөлүнөт. Ал акчага компот, же ысык чай жана май токочтор берилет. Аны жеген бала сүйүнүп калаары талашсыз. Байкообузда балдар кадимкидей күтүп жешет. Биздин мектеп эски болгондуктан буфет жаатында көйгөйлөр бар. Ошол үчүн ысык тамак бере албай жатабыз. Бирок чоң мектептерде алгач чай менен гана булочка берилсе, учурда биринчи, экинчиси менен тамактар берилип жатат. Анткени кошумча долбоорлор ишке ашып, буга чейин эскирген буфеттердин мештери жаңырып, муздаткычтар орнотулган. Мындан сырткары долбоордун арты менен мектептер ысык суу менен камсыз болду. Мунун эмнеси жаман?", — дейт Абылкасымов.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов болсо тескерисинче ысык тамактын курамын жакшыртуу керек деген ойдо.

"Ачыгын айтыш керек, айрым үй-бүлөлөрдө күн сайын ысык тамак берүүгө шарты жок. Андыктан сөзсүз түрдө балдарга түшкү тамак берүү керек. Айрым мектептерде каткан токочторду берет экен, алардын курамын жакшыртып, ысык тамак беришибиз керек. Ошондо келечек ээлери болгон балдардын ден соолугу чың болот. Ал эми окуу куралдарын жакшыртуу үчүн башка чараларды көрүү керек", — деди эл өкүлү.

КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов маселени шашпай кароо керек деген ойдо.

"Ооба, балким чоң шаарлардагы мектептерде окуучуларга түшкү тамак берүү маанилүү эместир. Аларга кеткен каражатты окуу куралдарына колдонсок туура болоор. Бирок аймактагы мектептерге түшкү тамак берүү керек", — деди депутат.

Эл өкүлү Айнуру Алтыбаева мектептердеги түшкү тамактын сапаты жакшы эмес экенин айтты.

"Айыл жергесинде бир булочка менен компотко муктаждык бар деп ойлойм. Бирок чындыгында айрым мектептерде сапаты өтө төмөн азыктар берилет. Мен мектептерди көп кыдыргандыктан жакшы билем. Тилекке каршы, тендерлер таза өтпөй жатат", — деди эл өкүлү.

Министрлик: Чоң иштер жасалып жатканда токтотуп коюу акылга сыйбайт

Индийские дети в художественной школе в трущобах в западной части Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Билим алуунун кадыры, партанын ордуна жайдак жер. Дүйнөдөгү мектептер
Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мусаева министрлик тарабынан мектептердеги түшкү тамактын сапатын жакшыртуу жаатында көп иштер жасалып жатканын айтты.

"Мектептердеги ысык тамакка жылына 450 миллион сом бөлүнөт. Ар бир окуучуга 7 сомдон, тоолуу райондордо 10 сомдон каралган. 2013-жылы ысык тамакты оптималдаштыруу долбоору ишке ашып, 800 мектептин ашканасы жаңыланган. Мындан сырткары ошол мектептерде ашпозчулар дайындалган. Чоң иштер жасалып жатканда токтотуп коюу акылга сыйбайт", — деди Мусаева.

Учурда "Азык-түлүк" программасынын алкагында донор тартылып, өлкө ичинде 450 мектептин ашканасы оңдоп-түзөлүп, ысык суу киргизилген. Ал эми "Мерсико" долборунун алкагында 75 мектептин ашканасы заманбап үлгүдөгү техникалар менен жабдууланган. Башкы адис учурда дагы 450 мектептин ашканасын жакшыртуу пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0