БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата өлкө боюнча 98 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн "Коопсуз мектеп жана бала бакча" программасынын алкагында 200 объект капиталдык ремонттон өткөрүлмөк.
Кыш түшкөнчө калган мектеп менен бала бакчалардын ремонтторун бүткөрүү пландалууда.