БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунун республикалык алма фестивалы болот. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Фествалды өткөрүү максаты — алма өстүрүүчүлөр арасында тажрыйба алмашууга аянтча түзүү, фермерлерге түрткү берүү, анын экспортун жакшыртуу. Мындан сырткары, бизнес-өнөктөштөрдү тартуу, экспорттук мүмкүнчүлүктү арттыруу каралган.
Катышуучулар жана коноктор үчүн Ноокатта өстүрүлгөн алмалардын жарманке-көргөзмөсү уюштурулат.
Алма фестивалы саат 9.00дө Ноокат районунун Кашкалдак айылында өтөт.