00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

КМШ президенттеринин кеселдери. Жүрөк, бөйрөк, кан басым…

© Sputnik / Иван Макеев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архивдик сүрөт
Оорукана. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко сапар алып, Стамбулдун аэропортунан ден соолугу начарлап, тез жардам менен алып кеткен.

Бул ажонун ден соолугуна байланышкан акыркы окуялар эмес. Атамбаевдин ден соолугуна байланышкан алгачкы маалыматтар 2007-жылдары айтылган. Анда ал ууланды делип Түркиядан дарыланган. Бир жылдан кийин 2008-жылы Түркиядан кызыл өңгөчүнө операция жасаткан.

Андан бери Кыргызстандын президентинин оорулары расмий айтылган эмес. 2014-жылы гана февраль айында Москва шаарындагы клиникалардын биринен тизесине операция жасатып, мамлекеттик деңгээлдеги бир катар жыйындарга таяк таянып келгени бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги КМШ мамлекеттеринин президенттери кандай илдеттерге чалдыкканын билип көрүүгө аракет кылды.

© Sputnik / Табылды КадырбековКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев
Заседание Совета глав государств – участников СНГ  - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. 76 жаштагы казак президентинин ден соолугу тууралуу алгачкы маалыматтар 2010-жылдардан кийин ЖМКга чыга баштаган. Өлкө башчынын мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев маалымат каражаттарына Назарбаев онкологиялык оорулардан жабыркап жүргөнүн айткан. 2013-жылы эл башынын айыкпас дартка чалдыкканы тууралуу маалыматтар чыккан.

© Sputnik / Табылды КадырбековБелоруссиянын президенти Александр Лукашенко
Заседание Совета глав государств – участников СНГ  - Sputnik Кыргызстан
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко. 62 жаштагы белорусс президентинин саламаттыгы боюнча маалыматтар ЖМКга такай чыгып турат. Бирок алардын расмий түрдө тастыкталгандары аз.

2014-жылы ноябрь айында Лукашенко хоккей ойноп жатып, жаракат алгандыктан бутунун муундарына операция жасатканын анын маалымат катчысы расмий түрдө жарыялаган. Ал бул операция мурда эле пландалганын, бирок президенттин иш графиги өтө жыш болгондуктан эми гана жасоого убакыт болгонун айткан. Белоруссия президентинин ден соолугу тууралуу расмий түрдө айтылган маалыматтар ушул гана.

© Sputnik / Табылды КадырбековТажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Заседание Совета глав государств – участников СНГ  - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 64 жаштагы тажик президентинин саламаттыгы боюнча маалыматтар дээрлик жокко эсе. Бирок анын 29 жаштагы баласы Рустамдын айыкпас дартка чалдыкканы айтылып келет. 

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бурдымухамедов
Президент Туркмении Гурбангулы Бердымухаммедов - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бурдымухамедов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бурдымухамедов. 59 жаштагы түркмөн президентинин ден соолугу начарлаганы тууралуу имиштер 2013-жылы октябрда тараган. Ал кан басымынын жогору экенинен жабыркап келери айтылган. Ал 2013-жылы апрелде аттан жыгылып, үч сутка бою ооруканада жаткан делинет. Бирок жыгылгандан кийин бир нече сааттан соң эл алдына чыгып, ден соолугу жайында экенин далилдеген.

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Визит президента РФ В. Путина в Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Россиянын президенти Владимир Путин

Россиянын президенти Владимир Путин. 64 жаштагы орус президентинин ден соолугу боюнча түрдүү маалыматтар такай чыгып турат. Алардын ичинен эң популярдуулары — рак илдети менен айыккыс дарты. Мындан тышкары уйку безинен жабыркап жүрөт деген да маалыматтар көп.

Былтыр, 2015-жылы Путин коомчулуктун көзүнө бир нече убакыт көрүнбөй калганда аны рактан улам дүйнө салыптыр деген имиштер желдей тараган. Бирок ал Атамбаев менен жолугуп, дени-карды сак экенин дүйнө коомчулугуна жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0