БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясына караштуу Жол башкармалыгы Ленинград көчөсүнө унаа өтүүчү көпүрө куруу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда башкармалык көпүрөнүн курулуш иштерине 40 миллион сом жумшоого даяр.
Тендер 17-сентябрда жарыяланып, мөөнөтү 10-октябрда аяктайт.