БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Казакстандын чек арачылары жүргүнчү ташыган поезддин вагондорунун биринен жарым центнер насвай табышканын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.
"Ташкент — Ургенч — Саратов багыты боюнча бараткан поездди казак чек арачылары "Бейнеу" темир жол көзөмөл өткөрүү пунктунан токтотуп, вагондордун биринин шыбынан жалпы салмагы 55 килограмм болгон насвай табышты", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Өзбекстандын 33 жаштагы жараны кармалды.
Август айында дагы Ташкент — Саратов багыты боюнча бараткан поездден 70 килограмм насвай кармалган.