Кытай, Казакстан, Россия жана Тажикстандан келген жоокерлерге концерттик программа уюштурулуп, белектер берилди.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Тынчтык миссиясы — 2016" аталышындагы антитеррористик машыгуулардын алкагында башка өлкөдөн келген аскерлерге кыргыз маданияты тартууланды. Бул тууралуу Башкы штаб билдирди.
Белгилей кетсек, аталган машыгуулардын ачылышы бейшемби күнү Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында өткөн.
Аскер машыгууларынын алкагында беш өлкөнүн жоокерлери терроризм менен күрөшүү жолдорун үйрөнүп, тажрыйба алмашышат.
"Эдельвейс" полигонунда башталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстандан эки миңдей аскер жана 300 техника тартылган.
"Программанын алкагында ар бир өлкө өзүнүн тарыхын, маданиятын тааныштырган иш-чара өткөрүш керек. Аталган демилгени биринчи болуп Кыргызстан ишке ашырды. Бул күнү келген конокторго радиотүйүндөн саясий жана маданий жаңылыктар айтылып, аскерлерге концерттик программа тартууланды. Түштөн кийин конокторго атайын белектер тартууланды", — деп айтылат маалыматта.
Аскер машыгууларынын алкагында беш өлкөнүн жоокерлери терроризм менен күрөшүү жолдорун үйрөнүп, тажрыйба алмашышат.