Мискенбаев: мародерчулукту аягына чейин иликтейли
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Мародерчулук козголсо эле Өмүрбек Текебаев чычалап чыгат. Бул тууралуу КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, ушул тапта ЖК отуруму уланып, ар кандай маселелер каралууда.
"Мародерчулук кара так болуп калды. Банк ячейкаларын ачкандар кармалат деп президент туура айтты. Кечээ Апрель баатырлары чогулуп, мародерчулук маселесин көтөрдүк. Аталган маселе козголсо эле Текебаев чычалап, "повод" берип жатат. Калк айтса калп айпайт. Эл мародерчулук десе эле Текебаевди ойлоп калышты. Андыктан ушул ишти аягына чыгалы", — деди Мискенбаев.
Ал айрым саясатчыларга кайрылып, 7-апрелде берген антын унутуп калды деген пикирин кошумчалады.