Биринчи орунга чыккан Кыргызстан жана дүйнөлүк рекорд: көчмөндөрдүн үчүнчү күнү жыйынтыкталды

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOКөк-бөрү катышуучулары. Архив
Көк-бөрү катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнү жыйынтыкталып, жалпы эсепте Кыргызстан биринчи орунга чыкты.

ЧОЛПОН-АТА, 6-сен. — Sputnik. Билинбестен эле II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнү да артта калды. Мелдештерге жеринен кабарчыбыз Исмаил Мамытов көз салып турду. 

Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ат чабышта биринчи орунду алган чабандес: буга чейин 94 унаа уткам
Бул күнү "Кырчын" жайлоосунда 80 чакырымдык ат чабыш жыйынтыкталса, Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы курулган ден соолукту чыңдоочу комплексте аба гюреш жана кыргыз күрөш боюнча мыктылар тандалды. Ал эми ат майданда көк бөрүнүн тайпалык оюндары, эр эңиш жана жирит болду. Мындан сырткары "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында ордо оюндары уланды. Ал эми "Аврора" пансионатында тогуз коргол жана мангала боюнча спортчулар күч сынашты. 

Саат 9:30да Кырчын жайлоосунда узундугу 80 чакырымдык ат чабыш башталып, 23 чабандес жөнөп кетти. Ал эми байгенин жыйынтыгы боюнча марага тогузунчу номерлүү Чолпон-Атадагы "Асанбек ата" ат заводунун "Ак кула" аттуу күлүгү биринчи болуп келди. 

© Sputnik / Исмаил МамытовКырчындагы ат чабышта Ысык-Көлдүн "Ак кула" күлүгү марага биринчи болуп келди
Большие скачки на дистанции в 80 километров в рамках II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Кырчындагы ат чабышта Ысык-Көлдүн "Ак кула" күлүгү марага биринчи болуп келди

"Ак куланы" алкынтып чабандес Жеңиш Батыркулов чапты. Ал эми экинчи орунду алтынчы номерлүү Кара-Балта шаарынан келген Алмазбек Ногойбаевдин "Нооруз" күлүгү багындырды. Анын чабандеси Чыңгыз Иманалиев

Үчүнчү орунду Талас облусундагы 113-ат заводунун "Көк серек" аттуу жылкысы ээледи. Анын чабандеси Рыспек Карыпов. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюндарындагы кымча бел кыйын кыздар
Красавицы на Вторых всемирных играх кочевников - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарындагы кымча бел кыйын кыздар

Мындан сырткары саат 10:00дө "Кыргыз айылы" шаарчасында этно мода көргөзмөсү болду. Анын жыйынтыкталышы менен көпчүлүк күткөн ылдамдыкка боз үй тигүү конкурсу ачык деп жарыяланды. Анда баарынан биринчи болуп Ысык-Ата командасы — 10 мүнөт 16 секундда тапшырманы аткарып, жаңы рекорд жарата алды. Ал эми ошол эле сааттарда жаа атуу жана тайган жарыштын жарым финалдык оюндары болду. Аталган спорттун түрү боюнча финалдык беттештер эртең уланат.

Көчмөндөрдүн модасы - Sputnik Кыргызстан
Ыр-күү жана саркеч көчмөндөр. Этнофестиваль ирмемдери
Ат майданда болсо көк бөрүнүн тайпалык оюндары жыйынтыкталып, финалда беттешчүлөр аныкталды. Ошентип 7-сентябрда Кытай менен Башкыртстан үчүнчү орун үчүн ойносо, 8-сентябрда Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрүчүлөрү биринчиликти талашат. 

Тогуз коргол боюнча кыргызстандык спортчулар Анарбек Жамакеев алтын алса, Кубаныч Сазаев, Аида Керимбековалар күмүш медаль тагынышты. Мангаладан да кыргыз спортчуларына ийгилик жылмайып, Кубаныч Ибраимов менен Гүлжамал Сарыкеева биринчиликти багынтышты. Акылбек Касымов менен Азиза Жамансартовалар күмүшкө ээ болушту.

Кыргыз күрөшү боюнча жети салмактык категорияда медалдар ойнотулуп, алтындарды кыргыз балбандары чогултуп алды. Күрөштүн жыйынтыгы боюнча Тынчтыкбек уулу Бекзат (55 кг), Сымбатбек Алимбеков (60 кг), Зиямидин Шадыбеков (66 кг), Тариэл Үсөнов (74 кг), Бектурган Кожомуратов (84 кг), Нурбек Кожобеков (96 кг) жана Бекболсун Кушубаков (96 кг жогору) биринчиликти камсыздашты.

Боз үй тигүү. - Sputnik Кыргызстан
Кырчын: боз үй тигүү боюнча Ысык-Ата командасы жаңы рекорд койду
Ал эми Казакстан үч күмүш, бир колого ээ болсо, Россиянын спортчулары эки күмүш, үч коло тагынышты. Тажикстандык спортчулар бир күмүш, бир коло, Түркмөнстан, Венгрия жана Монголия экиден коло, Азербайжан бир коло медалдарды куржундарына салышты.

Абагюрештен монгол балбаны Енгтугс Оюнболд биринчиликти, россиялык спортчу Рустам Арсланов экинчиликти алса, кыргызстандык Орозбек Аширов менен Ильяз Нишанов коло тагынды. 

Үчүнчү күндүн жыйынтыгы боюнча тизме: 

  1. Кыргызстан — 13 алтын, 12 күмүш, 13 коло; 
  2. Россия — 10 алтын, 5 күмүш, 6 коло;
  3. Казакстан — 5 алтын, 6 күмүш, 7 коло;
  4. Азербайжан — 3 алтын, 3 күмүш, 3 коло; 
  5. Грузия — 2 алтын, 1 күмүш;
  6. Иран — 2 алтын, 4 коло; 
  7. Тажикстан — 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло; 
  8. Өзбекстан — 2 күмүш, 4 коло; 
  9. Армения — 2 күмүш, 1 коло; 
  10. АКШ — 2 күмүш, 1 коло; 
  11. Украина — 1 күмүш, 3 коло; 
  12. Польша — 1 күмүш, 1 коло;

Түркмөнстан менен Монголия бештен коло утса, Венгрия төрт, Литва үч, Норвегия эки, Кытай бир колого ээ болушту. Калган өлкөлөрдүн спортчуларына ийгилик жылмая элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0