БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ишемби күнү Ысык-Көл облусунда Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү тогуз коргол жана мангала оюндары боюнча мелдештин салтанаттуу ачылышы болду.
Таймашка жалпы жонунан 22 мамлекеттен 63 спортчу катышууда. Анын 52си, — тогуз коргол, 11и — мангала боюнча ат салышкан спортчулар.
Кыргызстандын курама командасы биринчи айлампаны ийгиликтүү аяктап, экинчисине өттү.
Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтөт. Иш-чаранын расмий ачылышы бүгүн кечинде, саат 20.30да болот.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу оюндардын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.