БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өзбекстандык арбитр Равшан Ирматов Кыргызстан — Филиппин оюнун тейлей тургандыгын КР Футбол федерациясынан кабарлашты.
Жолдоштук беттешүү 6-сентябрда саат 20.30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Ирматовго анын асситенттери Абдухамидулло Расулов менен Жахангир Саидов жардам берет.
Равшан Ирматов FIFA категориясындагы рефери болуп эсептелет. Ал 2010 жана 2014-жылдары өткөн Дүйнө чемпионаттарында футбол беттештерин тейлеген. Мындан тышкары, 2012-жылы Олимпиадалык оюндарда, Азия кубоктору менен дүйнө чемпионаттарында кызмат көрсөткөн. Ирматов 2015-жылы эң мыкты рефери аталып Globe Soccer Awards сыйлыгына ээ болгон. 38 жаштагы арбитр дүйнөлүк чемпионаттарды тейлөө боюнча рекорд жараткан.