Өкмөт башчы Жээнбеков Балыкчыдагы курулуп жаткан жолдун сапатына эскертүү берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган сапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушунда
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган сапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата бардык даярдыктарды белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган сапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушундагы кемчиликтерди белгилеп, жумуштун сапатына көңүл бурууну эскертти. Андан ары Кырчын жайлоосуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасагансапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушундагы кемчиликтирди белгилеп, жумуштун сапатына көңүл бурууну эскертти.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасагансапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушундагы кемчиликтирди белгилеп, жумуштун сапатына көңүл бурууну эскертти. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасагансапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушундагы кемчиликтирди белгилеп, жумуштун сапатына көңүл бурууну эскертти.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАндан ары Кырчын жайлоосуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди.
Андан ары Кырчын жайлоосуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Андан ары Кырчын жайлоосуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт башчы алгач, Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөттү.
Өкмөт башчы алгач, Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөттү. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өкмөт башчы алгач, Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөттү.
1/3
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасагансапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушундагы кемчиликтирди белгилеп, жумуштун сапатына көңүл бурууну эскертти.
2/3
Андан ары Кырчын жайлоосуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди.
3/3
Өкмөт башчы алгач, Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөттү.

Өкмөт башчы алгач, Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөттү. Жол четине тосмолордун сапатсыз коюлганын өзү басып барып көрсөтүп, кемчиликтерди жоюп, аткарылган жумушту сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Андан ары Тамчы айылында жайгашкан Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жол тилкесинин курулуш иштеринин  жүрүшү  менен таанышты.

Премьер, ат майданы. Кызыл отургучтарды кырып жууган кыз-келиндер - Sputnik Кыргызстан
Премьер, ат майданы. Кызыл отургучтарды кырып жууган кыз-келиндер
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров аталган тилекедеги (Тамчы айылындагы аэропорттон  Чолпон-Ата шаарына чейин) жумуш пландаштырылгандай, 2016-жылдын 28-августунда бүткөрүлөрүн дагы бир ирет маалымдады.

Ал эми Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу 2017-жылдын августунда толугу менен бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

Өкмөт башчы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук ат оюндары жана майрамдык иш чаралар өтүүчү Кырчын жайлоосуна барды. Ал жерден 28-августка чейин Кырчын жайлоосундагы этно шаарчанын орун алышына байланышкан бардык маселелерди чечүүнү белгиледи.

Премьер-министр тийиштүү министрлик жана ведомстволорго II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата бардык даярдыктарды белгиленген мөөнөттө  бүткөрүүнү тапшырды.

Андан соң Жээнбеков  Бактуу-Долоноту айылындагы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата салынып жаткан ат майданын текшерди.

Жаңылыктар түрмөгү
0