https://sputnik.kg/20260817/1103031061.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрүн катуу сынга алды. Анын айтымында, акыркы... 17.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-17T15:00+0600
2026-08-17T15:00+0600
2026-08-17T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/11/1103030895_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cf33fdf56a7ecc98820153dd67326531.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрүн катуу сынга алды. Анын айтымында, акыркы жарым жылда өлкөдө жогорку чыңалуудагы 26 авариялык өчүрүү катталган. Мүчүлүштүктөргө подрядчылардын күнөөсүнөн улам электр чубалгыларынын үзүлүшү жана жооптуу жетекчилердин шалаакылыгы себеп болууда. Өкмөт башчы электр энергиясынын өчүрүлүшү коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, бизнеске зыян келтирип жатканын белгиледи. Ал 14-августтагы ири авариянын себептерин дыкат иликтөө үчүн комиссия түзүүнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.
1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга индексацияланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетип, өсүш 1 753 сомду түзөт. Ал эми пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда. Социалдык фондго пенсияларды кайра эсептөө боюнча бардык эсеп-кысаптарды жүргүзүп, каржылык камсыздоону жана төлөмдөрдү өз убагында уюштуруу тапшырылды.
Рысгүл Акимжанова суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Мындан тышкары, министрликтин бир катар башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалып, алар жамаатка тааныштырылды. 46 жаштагы Акимжанова — "Бай Элим" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери наамын алган биринчи аял катары белгилүү. 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо №19 округдан талапкерлигин койгон.
Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" тоо окуу-машыгуу борборунда Кыргызстандын жана Россиянын аскер кызматчылары катышкан "Борбор-2026" биргелешкен тактикалык окуу-машыгуусу жыйынтыкталды.Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, машыгуу 11-17-август күндөрү өткөрүлүп, ага 500гө жакын аскер кызматчысы тартылган. Ошондой эле 100гө чейин аскердик техника жана курал-жарак, дрондор жана армиялык авиация колдонулду.Окуу-машыгуунун жүрүшүндө аскер кызматчылары бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүү жана курал-жарак менен аскердик техниканы колдонуу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты.Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө белгиленгендей, машыгууда коюлган бардык тапшырмалар толугу менен аткарылды.Жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн аскер кызматчылары медалдар жана баалуу белектер менен сыйланды.
Пентагондун борбордук командачылыгы (CENTCOM) Газа сектору менен Батыш жээк Израилдин аймагы деп белгиленген Жакынкы Чыгыштын картасын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Карта командачылык жетекчилигинин аталган регионго жасаган сапары тууралуу маалыматка тиркелген. Андан Палестина анклавы жана Иордан суусунун Батыш жээги Израилден чек ара белгиленген сызык менен бөлүнбөгөнүн көрүүгө болот. Палестинаны ушу тапта Россия баштаган 157 мамлекет тааныган. АКШ БУУнун туруктуу беш мүчөсүнүн ичинен Палестинаны тааныбаган жалгыз мамлекет болуп саналат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрүн катуу сынга алды. Анын айтымында, акыркы жарым жылда өлкөдө жогорку чыңалуудагы 26 авариялык өчүрүү катталган. Мүчүлүштүктөргө подрядчылардын күнөөсүнөн улам электр чубалгыларынын үзүлүшү жана жооптуу жетекчилердин шалаакылыгы себеп болууда. Өкмөт башчы электр энергиясынын өчүрүлүшү коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, бизнеске зыян келтирип жатканын белгиледи. Ал 14-августтагы ири авариянын себептерин дыкат иликтөө үчүн комиссия түзүүнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды. 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга индексацияланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетип, өсүш 1 753 сомду түзөт. Ал эми пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда. Социалдык фондго пенсияларды кайра эсептөө боюнча бардык эсеп-кысаптарды жүргүзүп, каржылык камсыздоону жана төлөмдөрдү өз убагында уюштуруу тапшырылды. Рысгүл Акимжанова суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Мындан тышкары, министрликтин бир катар башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалып, алар жамаатка тааныштырылды. 46 жаштагы Акимжанова — "Бай Элим" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Ал Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери наамын алган биринчи аял катары белгилүү. 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо №19 округдан талапкерлигин койгон. Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" тоо окуу-машыгуу борборунда Кыргызстандын жана Россиянын аскер кызматчылары катышкан "Борбор-2026" биргелешкен тактикалык окуу-машыгуусу жыйынтыкталды.Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, машыгуу 11-17-август күндөрү өткөрүлүп, ага 500гө жакын аскер кызматчысы тартылган. Ошондой эле 100гө чейин аскердик техника жана курал-жарак, дрондор жана армиялык авиация колдонулду.Окуу-машыгуунун жүрүшүндө аскер кызматчылары бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүү жана курал-жарак менен аскердик техниканы колдонуу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты.Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө белгиленгендей, машыгууда коюлган бардык тапшырмалар толугу менен аткарылды.Жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн аскер кызматчылары медалдар жана баалуу белектер менен сыйланды.Пентагондун борбордук командачылыгы (CENTCOM) Газа сектору менен Батыш жээк Израилдин аймагы деп белгиленген Жакынкы Чыгыштын картасын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Карта командачылык жетекчилигинин аталган регионго жасаган сапары тууралуу маалыматка тиркелген. Андан Палестина анклавы жана Иордан суусунун Батыш жээги Израилден чек ара белгиленген сызык менен бөлүнбөгөнүн көрүүгө болот. Палестинаны ушу тапта Россия баштаган 157 мамлекет тааныган. АКШ БУУнун туруктуу беш мүчөсүнүн ичинен Палестинаны тааныбаган жалгыз мамлекет болуп саналат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/11/1103030895_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2f7c946e9c7cb587ee828b7b69f56b0c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио