00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Энергетика системасын жаңылоого 300 миллион доллар — көмөк чордондор, жогорку чыңалуудагы линиялардын абалы кандай?
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстандын экономикасы 2026-жылдын январь–июль айларында 11,1% өстү. Алдын ала маалымат боюнча, өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 172,7 миллиард сомду түздү. Экономикалык өсүшкө негизги тармактардын баары салым кошту. Курулуш 60,6%, өнөр жай 11,2%, кызмат көрсөтүү 6,1%, айыл чарбасы 6% өстү. Мындан тышкары, негизги капиталга салынган инвестициялар 58,8% көбөйүп, 238,3 млрд сомго жетти. Бул тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карап, мектептердеги курулуш жана оңдоо иштерин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.Касымалиевдин айтымында, учурда курулушу же оңдоо иштери уланып жаткан объектилерде ишти өз убагында бүткөрбөй калуу тобокелдиктери аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүшү керек. Ошондой эле мектептердин эмерек, окуу жабдуулары жана зарыл болгон инфраструктура менен толук камсыздалышы текшерилет.Министрлер кабинетинин төрагасы агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага жаңы окуу жылы башталганда курулуш, оңдоо же жабдуу маселелеринен улам окуу процессине тоскоолдук жаралбашы керектигин эскертти
Бишкектеги мамлекеттик резиденция 12 млн сомго азык-түлүк сатып алууга тендер жарыялады Тизмеде товардын 21 түрү көрсөтүлгөн. Арасында уй, топоз, кой жана жылкы эти, анын ичинде казы-карта, стейктин ар кандай түрлөрү, балык жана деңиз азыктары бар. Мындан тышкары, тоок жана өрдөк эти, канаттары, шыйрактары, сыр, макарон, колбаса азыктары, май, таттуу-тарапа, жашылча-жемиш, консервалар алынат. Мунун баары жакында боло турчу ШКУ саммитине келген конокторду тосууга сатып алынышы мүмкүн.
Корумду чокусунда жоголгон үч альпинистти издөө иштери аба ырайынын катаал шартынан улам токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Министрлик 16-августта альпинисттерге таандык бут кийим, андан мурун алардын рюкзагы, уктоочу кап жана башка жеке буюмдары да табылганын эске салды. Ал эми альпинисттердики болушу мүмкүн делген сөөктөр таанылып-тактала электиги айтылды. ӨКМ кечээ издөө иштери аяктагандан кийин куткаруучулар Корумду чокусунан түшүрүлүп, техника менен шаймандар, ошондой эле альпинисттердин жакындары Сары-Таш айылына жеткирилгенин кошумчалады. Эске салсак, 1-августта үч кишиден турган альпинисттик топ Чоң-Алай районундагы 6 миң 613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыккан. 2-августта байланышка чыгып, түшүүгө толук даяр экенин билдиргенден кийин лагерге карай жол тартышкан. Бирок 4-августта белгиленген жерге кайтып келишкен эмес, ошону менен байланыш үзүлгөн.
Россиянын Белгород облусундагы Колосково айылына 17-августка караган түнү ракеталык сокку урулуп, алты жай тургун каза тапты. Бул тууралуу облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, дагы төрт адам жаракат алган. Алардын арасында 14 жаштагы өспүрүм бар. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Сокку болгон жерде чарбалык курулуш өрттөнүп, жеңил унаа жабыркаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0