00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстандын банк секторунун жалпы активдери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 30,2 пайызга өсүп, 1 трлн 577,3 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 2026-жылдын 30-июнуна карата өлкөдө 26 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп жаткан.Маалыматка ылайык, банктардын кардарларга берген кредиттеринин көлөмү жыл башынан бери 18,9 пайызга көбөйүп, 602,6 млрд сомду түздү.Ошондой эле жалпы депозиттик база 6,8 пайызга өсүп, 924,7 млрд сомго жетти.
Бишкектеги мамлекеттик резиденция 12 млн сомго азык-түлүк сатып алууга тендер жарыялады Тизмеде товардын 21 түрү көрсөтүлгөн. Арасында уй, топоз, кой жана жылкы эти, анын ичинде казы-карта, стейктин ар кандай түрлөрү, балык жана деңиз азыктары бар. Мындан тышкары, тоок жана өрдөк эти, канаттары, шыйрактары, сыр, макарон, колбаса азыктары, май, таттуу-тарапа, жашылча-жемиш, консервалар алынат. Мунун баары жакында боло турчу ШКУ саммитине келген конокторду тосууга сатып алынышы мүмкүн.
1-сентябрь Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Эс алуу күнүндө кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Үзгүлтүксүз өндүрүш циклинде иштеген мекемелерде эмгек акы төлөө тартиби Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт. Жеке менчик уюмдарга да 1-сентябрды кызматкерлер үчүн эс алуу күнү катары белгилөө сунушталды. Ал эми 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү мыйзамга ылайык расмий майрамдык эс алуу күнү болуп саналат.1-сентябрды Бишкекте кошумча эс алуу күнү кылуу чечими шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтуу жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда өтүүчү иш-чаралар маалында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборун ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маселе министрликтин өкүлдөрү менен Корея деңиз институтунун директору Жо Жоңхи жана институттун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.Жолугушууда борбордун курулушун аяктоо, аны расмий ачууга даярдык көрүү жана тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык толуктоо маселелери каралды.Министрликтин маалыматына ылайык, бардык документтер даярдалып, талаптар аткарылгандан кийин борборду кабыл алуу иштери башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0