https://sputnik.kg/20260817/1103036787.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Калаа башчынын айтымында, мэрия жылуулук берүү системасын борбордон ажыратуу саясатын жүргүзүп жатат. Анын алкагында Энергетиктер жана Куруучулар... 17.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-17T19:00+0600
2026-08-17T19:00+0600
2026-08-17T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/11/1103036621_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9f85f050f648b71987c327150b3c6fa5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Калаа башчынын айтымында, мэрия жылуулук берүү системасын борбордон ажыратуу саясатын жүргүзүп жатат. Анын алкагында Энергетиктер жана Куруучулар шаарчаларынын, ошондой эле 10-кичи райондун абоненттери өзүнчө отканалар аркылуу жылытылат. “Отканаларга үнөмдүү казандар орнотулат. Натыйжада жылуулук жоготуулары азайып, ЖЭБге түшкөн жүк төмөндөйт. Мурда ЖЭБ негизинен жылуулук өндүрсө, бүгүн электр энергиясын көбүрөөк иштеп чыгууда”, — деди Жунушалиев. Мэр ЖЭБде авария болсо бүтүндөй шаар жылуулуксуз калышы мүмкүн экенин белгиледи. Система борбордон ажыратылса, абоненттердин бир бөлүгү ЖЭБдин ишине көз каранды болбой калат.
Августтун аягында төрт күн катары менен дем алыш болот Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, 31-август эгемендик майрамына карата эс алуу күнү болот. Ал эми 1-сентябрда ШКУ саммитинен улам Бишкекте гана дем алыш жарыяланат. Мындан улам бийлик жеке секторго дагы бул күнү кызматкерлерине эс алуу берүүнү сунуштады. Буга чейин Бишкек мэриясы шаар тургундарын мүмкүнчүлүк болсо шаар сыртына же коңшу өлкөлөргө саякатка чыгып келүүгө чакырган.
Бишкектеги “Дордой Плаза” соода борбору бир нече күндөн бери жабык турат Ижарачылардын айтымында, соода борбору 12-августтагы өрттөн улам иштебей жатат. Белгилей кетсек, ал күнү унаа токтоткон жайдан жалын тутанып, өрт өчүргүчтөр жайыла электе өчүрүп калышкан.
Кыргыз–казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз өткөрүп турган туруктуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, Чек ара жана Салык кызматтарынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын айрым кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардын өлкөгө тоскоолдуксуз киришин камсыздап, акчага туйтунуп келишкен. Документтерде ал унаалар бош деп көрсөтүлгөн. Бул иш боюнча чек ара кызматкери, эки салыкчы жана оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалган. Төртөө тең УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда иштин бардык жагдайларын жана коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведевдин кемелерге жасалган соккуларга Россиянын берчү жообу тууралуу айтканы өлкө бийлигинин чечкиндүүлүгүн көрсөтөт. Бул тууралуу Италиянын L"antidiplomatico журналы жазганын РИА Новости маалымдады. "Билдирүү Россиянын жасай турган глобалдуу жообунан кабар берет", — деп айтылат макалада. Медевдев РФ президенти Владимир Путин Россия соода кемелерин басып алуу аракеттеринин баарына жооп кайтарарын билдиргенден кийин Москва Киев үчүн жүк ташып баратат деп күмөн санаган кеменин баарына сокку урууга акылуу экенин айткан. Өткөн жума күнү Тынч океан флотунун командачысы Виктор Лиина президентке аскер-деңиз күчтөрү Батыш мамлекеттерине таандык кемелерди кармап, тинтүү боюнча иштерге даяр экенин билдирген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 05 тыйынга юань 12 сом 97 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы 18-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Шейшембиде республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй +31...+36, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында +32...+37, Таласта +28...+33, Ысык-Көл облусунда +24...+29, Нарын регионунда +26...+31 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтөт.
Калаа башчынын айтымында, мэрия жылуулук берүү системасын борбордон ажыратуу саясатын жүргүзүп жатат. Анын алкагында Энергетиктер жана Куруучулар шаарчаларынын, ошондой эле 10-кичи райондун абоненттери өзүнчө отканалар аркылуу жылытылат. “Отканаларга үнөмдүү казандар орнотулат. Натыйжада жылуулук жоготуулары азайып, ЖЭБге түшкөн жүк төмөндөйт. Мурда ЖЭБ негизинен жылуулук өндүрсө, бүгүн электр энергиясын көбүрөөк иштеп чыгууда”, — деди Жунушалиев. Мэр ЖЭБде авария болсо бүтүндөй шаар жылуулуксуз калышы мүмкүн экенин белгиледи. Система борбордон ажыратылса, абоненттердин бир бөлүгү ЖЭБдин ишине көз каранды болбой калат.Августтун аягында төрт күн катары менен дем алыш болот Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, 31-август эгемендик майрамына карата эс алуу күнү болот. Ал эми 1-сентябрда ШКУ саммитинен улам Бишкекте гана дем алыш жарыяланат. Мындан улам бийлик жеке секторго дагы бул күнү кызматкерлерине эс алуу берүүнү сунуштады. Буга чейин Бишкек мэриясы шаар тургундарын мүмкүнчүлүк болсо шаар сыртына же коңшу өлкөлөргө саякатка чыгып келүүгө чакырган.Бишкектеги “Дордой Плаза” соода борбору бир нече күндөн бери жабык турат Ижарачылардын айтымында, соода борбору 12-августтагы өрттөн улам иштебей жатат. Белгилей кетсек, ал күнү унаа токтоткон жайдан жалын тутанып, өрт өчүргүчтөр жайыла электе өчүрүп калышкан.Кыргыз–казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз өткөрүп турган туруктуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, Чек ара жана Салык кызматтарынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын айрым кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардын өлкөгө тоскоолдуксуз киришин камсыздап, акчага туйтунуп келишкен. Документтерде ал унаалар бош деп көрсөтүлгөн. Бул иш боюнча чек ара кызматкери, эки салыкчы жана оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалган. Төртөө тең УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда иштин бардык жагдайларын жана коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведевдин кемелерге жасалган соккуларга Россиянын берчү жообу тууралуу айтканы өлкө бийлигинин чечкиндүүлүгүн көрсөтөт. Бул тууралуу Италиянын L"antidiplomatico журналы жазганын РИА Новости маалымдады. "Билдирүү Россиянын жасай турган глобалдуу жообунан кабар берет", — деп айтылат макалада. Медевдев РФ президенти Владимир Путин Россия соода кемелерин басып алуу аракеттеринин баарына жооп кайтарарын билдиргенден кийин Москва Киев үчүн жүк ташып баратат деп күмөн санаган кеменин баарына сокку урууга акылуу экенин айткан. Өткөн жума күнү Тынч океан флотунун командачысы Виктор Лиина президентке аскер-деңиз күчтөрү Батыш мамлекеттерине таандык кемелерди кармап, тинтүү боюнча иштерге даяр экенин билдирген. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 05 тыйынга юань 12 сом 97 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.Аба ырайы 18-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Шейшембиде республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй +31...+36, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында +32...+37, Таласта +28...+33, Ысык-Көл облусунда +24...+29, Нарын регионунда +26...+31 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/11/1103036621_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_94d5179ff47c1da6afcc82b89e87ea3c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио