00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Почему цены на продукты растут и что с этим делает государство
18:11
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
VIII Кыргыз-орус экономикалык форуму: Кыргызстандын экономикасына кандай салым кошот
19:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Советы юриста
«Технический паспорт — не право собственности»: юрист — о том, что нужно знать перед покупкой квартиры
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Энергетика системасын жаңылоого 300 миллион доллар — көмөк чордондор, жогорку чыңалуудагы линиялардын абалы кандай?
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстандын Энергетика министрлиги казакстандык оператордун билдирүүсүнө жооп берип, 14-августта жарык эмнеге өчкөнүн түшүндүрдү. Ага ылайык, өлкөнүн энергетикалык системасында техникалык мүчүлүштүк болуп, республика жалпы энергосистемадан бөлүнүп, өз алдынча иштөөгө өткөн. Абал 18 мүнөттүн ичинде жөнгө салынган. Министрликтин маалыматына караганда, ошол учурда Кыргызстан коңшу өлкөлөргө да жардам берип, 250 МВт электр энергиясын берген. Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун өчүшү аймактын жалпы энергосистемасында көйгөй жаратып, электр энергиясын бөлүштүрүү өзгөргөн жана автоматика ишке кирген. Бирок бул башка өлкөлөрдө жарыктын өчүшүнө түздөн-түз себеп болгон дегенди билдирбейт. Министрлик азырынча биргелешкен иликтөө жүрүп жаткандыктан аварияга Кыргызстанды күнөөлөөгө эрте экенин белгиледи.
Кыргызстандыктар августтун аягында төрт күн эс алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 31-август – Эгемендик майрамына карата эс алуу күнү болот. Ал эми 1-сентябрда ШКУ саммитинен улам Бишкекте гана дем алыш жарыяланат. Мындан улам бийлик жеке секторго дагы бул күнү кызматкерлерине эс алуу берүүнү сунуштады. Буга чейин Бишкек мэриясы шаар тургундарын мүмкүнчүлүк болсо шаар сыртына же коңшу өлкөлөргө саякатка чыгып келүүгө чакырган.
Бийлик жолдор жабылганын туура түшүнүп, сабырдуулук жана маданият менен үлгү болууга чакырды Өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков соцтармакка жазган билдирүүсүндө жакында өлкөдө эл аралык масштабдагы иш-чаралар өтөрүн белгилеген. Ушул күндөрү бири-бирин түшүнүүгө чакырган. “Жолдор жабылып, чектөөлөр болорун айтып келдик. Бул айрымдарыбызга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок келгиле, сабырдуулугубуз жана маданиятыбыз менен үлгү бололу. Келген коноктор кыргызстандыктардын кең пейилин, намысын, маданиятын жана адамгерчилигин көрүп кетсин”, — деген ал.
Бишкекте 19-августта футбол боюнча Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Байге үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону — Караколдун “Барс” футбол клубу жана 2025-жылдагы Кыргызстан Кубогунун ээси — Бишкектин “Дордой” командасы күч сынашат. Оюн “Алга” спорт комплексинде өтүп, саат 20:00дө башталат. Күйөрмандар үчүн көңүл ачуучу программа да даярдалат. Кыргызстандын Суперкубогу 2011-жылдан бери ойнотулуп келет. Жеңиштердин саны боюнча “Дордой” клубу рекордчу болуп саналат — ал бул байгени алты жолу багындырган. Билеттер kassir.kg сайтында сатылат.
Иран армиясы ар бир туткундалган же жок кылынган америкалык жоокер үчүн 30 миң доллар өлчөмүндө сый акы жарыялаганын IRIB мамлекеттик телерадиокомпаниясы аскер командачысы Амир Хатамиге таянып кабарлады. "Каржылык жихадга катышууну каалагандардын көбөйүшүн эске алуу менен америкалык жоокерди туткундаган же өлтүргөн адамга 30 миң доллар же 5 миллиард иран туманын берүү каралган план иштелип чыкты. Ал эми аялдар эки эсе көп алышат", — деген Хатами. Командачы америкалык жоокерлер жок кылынган курал эки эсе кымбат сатып алынып, ордуна жаңысы берилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0