00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кундуз Кырбашева о будущем зеленой энергетики Кыргызстана
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Интернет азыр жаңы баңгизат базарына айландыбы?
13:08
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
2026-жылы республика боюнча жалпы 683 гектар жер аянты менен 65 айыл чарба кооперативи түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнө ишке кирди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен Баткен облусунда – 4; Нарын облусунда – 6; Чүй облусунда – 10; Ысык-Көл облусунда – 8; Ош облусунда – 17; Жалал-Абад облусунда – 2; Талас облусунда –18 кооператив түзүлгөн. "Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана өнүктүрүү иштери министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасынын" алкагында жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аскердик машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди. Ага ылайык, машыгуу 11–17-август күндөрү Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" полигонунда өттү. Ага 500гө жакын аскер кызматкери катышып, 100гө чейин техника, анын ичинде FPV-дрондор жана эки өлкөнүн армиялык авиациясы тартылды.Бир апта ичинде аскерлер практикалык тапшырмаларды аткарып, ар кандай шартта курал-жарак менен техниканы колдонууга машыкты. Эскерте кетсек, россиялык аскерлер Кыргызстанга 7-август күнү келген.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Көчмөндөр оюндары учурунда жол коопсуздугу күчөтүлөт.Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги аймактардагы түзүмдөрдүн жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешмеде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Жетекчилик кызмат өтөөнүн сапатын жогорулатуу, жол кырсыктарынын алдын алуу, күч жана каражаттарды туура бөлүштүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле кызматкерлер арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, жарандар менен баарлашууда жогорку маданиятты камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги алдыдагы эл аралык жана республикалык маанидеги иш-чаралар маалында кызматтык даярдыкты күчөтүп, коюлган тапшырмаларды так аткарууну талап кылды.
Владимир Зеленский ашынган оңчул топтордон коркуп, Россия койгон шарттардан баш тартып жатат. Бул туурасында АКШнын армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниель Дэвис Deep Dive каналынын эфиринде айтканын РИА Новости жазды.Дэвис согушту мурда эле бүтүрсө болмоктугун, эми Зеленский жана анын союздаштары Украинаны жок кылууга алып бара жатканын кошумчалады. Июлда РФтин президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков жаңжалды токтотуу боюнча негиздүү шарттар эки жыл мурда эле айтылганын, ошондо Киев бийлиги тиешелүү чечим кабыл алганда маселе эбак чечилмектигин айткан. Президент Владимир Путин 2024-жылы Тышкы иштер министрлигинде сүйлөп жатып согушту токтотуунун шарттарын атаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0