БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 31-август эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда аскер парады кандайча өтөрү тууралуу айтып берди.
Өлкөнүн 25 жылдык мааракесине арналган аскердик парад Ала-Тоо аянтында өткөрүлөт. Салтанаттуу иш-чара эртең менен саат 9.00дө башталат.
Парадга 1500дөн ашык аскер кызматкери менен 80 даана аскер техникасы чыгарылат. Мындан тышкары, шаар менен Ала-Тоо аянтынын үстүнөн аскер учактары учуп өтөт.
Жарандардын коопсуздугун сактоо максатында саат 9.00дөн 12.00гө чейин учуучу аппарат — дрон, квадракоптер, октокоптерлерге тыюу салынат. Мындай каражаттар аскер учактарына жолтоо болуп, жарандарга зыян алып келиши ыктымал.
Уруксатсыз колдонулган аппараттар күч кызматкерлери тарабынан тартып алынат.