УКМК: Ысык-Көлдө эл аралык террордук топтун чет элдик мүчөлөрү кармалды

© AFP / Jose CABEZAS Кишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик жарандар жашаган жерине ылайык, өз мекениндеги укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эл аралык террористтик топтун эки мүчөсү кармалганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, колго түшкөндөр 31 жана 29 жаштагы чет элдик жарандар экени аныкталды. 

"Алар чет жакта согушкерлердин лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүшкөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Чет элдик жарандар жашаган жерине ылайык, өз мекениндеги укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берилди. 

КР жарандарынын Сирия сормо сазына баткан 10 учуру жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0