КР жарандарынын Сирия сормо сазына баткан 10 учуру

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАвтомат. Архив
Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирия өлкөсү бизден миңдеген чакырым алыс болсо да, ал жактагы согуштук аракеттерге аттанган кыргызстандыктар расмий түрдө 600гө жакын деп саналат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 11-августунда Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын сайтында Екатеринбургда экстремисттик топтун мүчөлөрү кармалды деген маалымат жарыкка чыкты. 

Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Раим Салимов: бир үй-бүлө Сирияга жети баласы менен чыгып кеткен
Билдирүүгө караганда алар "Рохнамо ба суи давлати исломи" (тажик тилинен "жол башчы ислам мамлекети" деп которулат) эл аралык интернет-коомчулугунун мүчөсү экендиктери белгилүү болгон. Ал эми "Тагильский рабочий" гезити алардын арасында кыргызстандыктар да болушу мүмкүн экенин жазып чыкты. 

Бул экстремисттик топтордун арасында кыргызстандыктардын аты аталган биринчи учур эмес. Андыктан Сирияга барууга ниеттенген жана ал жактан кайтып келип кылтакка илинген жарандарды тизмектеп көрүүнү туура көрдүк. 

Эскерте кетсек, бул тизмекке расмий жарыяланган жана коомдо кызуу талкууга алынган учурлар гана кирди. 

1. Үстүбүздөгү жылдын июль айында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында УКМК Лейлек районунун 24 жаштагы эки жаранын кармаган. Алар Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшүү үчүн аттанып чыгышкан деп шектелүшүүдө.

2. Сирияга кетүүгө камынган дагы бир жаран Оштун аэропортунан кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген. Ал Ош — Санкт-Петербург каттамы аркылуу Россияга учууга аракет кылган. Алдын ала жүргүзүлгөн суракка ылайык, Лейлек районунун 20 жаштагы тургуну Россия аркылуу Түркияга өтүп, андан ары Сирияга барууга ниеттенип жатканын моюнга алган. 

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК: террорист жана экстремисттерге мунапыс колдонулбайт
3. Июнь айында кыргыз-тажик чек арасынан Тажикстан жаранынын жардамы менен Сирияга кетүүгө камынган деген шек менен 18 жаштагы кыргызстандык кыз кармалган. Ал Астанадагы энесинин жанында жүргөндө тажикстандык жаран менен таанышып, Кыргызстанга келгенден кийин да аны менен Интернет аркылуу байланышып турган. Милициянын маалыматына караганда тажикстандык жаран кызды Афганистан аркылуу Сирияга алып кетүүнү максат кылган. Ал тааныштары аркылуу кызга акча жиберип турганы да ачыкка чыкты. 

4. Өткөн жылдын декабрь айында Кара-Суу районунан Сириядан атайын даярдыктан өтүп келген кыргызстандык жаран кармалганын ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы билдирген. Шектүү жаран кармалгандан кийин анын жашаган жери тинтүүгө алынып, экстремисттик мүнөздөгү китептер, DVD-диск, жарылуучу заттар жана колго жасалган бычактар табылган.

5. 2015-жылдын декабрь айында Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын аймагындагы автоунааларды текшерүү учурунда Сириядан кайтып келе жаткан эки жаран кармалган. Алардын бири Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылынын 20 жаштагы жана Сузак районунун Чөкө-Төбө айылынын 27 жаштагы тургундары болуп чыккан. 

6. Ал эми өткөн жылдын ноябрь айында кыргызстандыктарды Сирияга жөнөтүп жүргөн Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну Изатулло Абдрахманов кармалган. ИИМдин маалыматтарына караганда ал бир нече ай ичинде Сирияга өспүрүмдөрдү, кыз-келиндерди жана чоң кишилерди жөнөтүүгө үлгүргөн. Сирияга адам жөнөтүүнү ага социалдык тармактардан таанышкан киши сунуштап, ал "эмгеги" үчүн 10 миң долларга чейин каражат убада кылган. 

7. Былтыр ноябрда Түркияда "Ислам мамлекетине" кошулганы бара жаткан топ кармалган. Анын ичинде Кыргызстандын беш жараны бар болуп чыкты. Түрк полициясы аталган террордук уюмдун катарына кирүүгө белсенген 10 аялды, 15 баланы, жалпысынан 38 кишини колго түшүргөн. Алар Азербайжан (14), Индонезия (7), Ирак (5), Кыргызстан (5), Иран (3), Тажикстан менен Афганистандын эки жараны болуп чыккан. 

Автомат кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биздикилерби? Дүйнө Кыргызстандан чыккан террористтерди кеп кылган беш учур
8. Ноябрда Москвада эл аралык террористтик топтун мүчөсү болгон кыргызстандык жаран кармалып, Бишкекке алып келингенин УКМК билдирген. Маалыматка ылайык, колго түшкөн 25 жаштагы жаран адамдарды азгырып, аларды Сириядагы согуш болуп жаткан жерлерге жөнөтүү менен алектенген.

9. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында болсо Кыргызстанда бир нече терактыларды жасоону пландаган, Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген эл аралык террористтик топтун эки мүчөсү Баткенде колго түшкөн. Кармалгандар Сириянын өкмөттүк аскерлерине каршы даярдыктан өтүп, согуштук аракеттерге катышып келгени аныкталган.

10. Быйыл жай мезгили башталаары менен Кыргызстандын аймагына кирүүгө аракет кылган эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашкан. УКМК кармалган адам атайын диверсиялык-террористик даярдыктан өтүп, террористтик уюмдардын катарында Сириядагы өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышкандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0