БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районунда жааган мөндүрдөн улам кылкандуу дан эгиндери айдалган талаалар жабыркады. Блу тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-август күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда катуу мөндүр жааган. Анын кесепетинен Коңур-Өлөң, Көл-Төр, Тогуз-Булак, Жер-Yй, Көк-Сай айылдарында кылкандуу дан эгиндери айдалган талаалар жабыркаган.
Азыркы учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иш алып барууда.