Бүгүн айылга катты Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директору, "Кыз-Бурак" эстрадалык тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова жазды.
Окуучу кезден тартып эле журналист болом деген кыялым бар эле. Эки жыл катары менен ал кесипти үйрөтө турган институтка өтө албай, конкурстан "кулап калдым". Буйрук экен, Владимир Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтунун музыка факультетине кирип, анан тагдыр мени музыкага жетелеп кетти. Анткен менен ыр жазуу, журналисттик шык бүгүнкү күнгө чейин мага жардам берип келет.
Кат дегенде ошентип, балалыгым, жаштыгым эске түштү. Мен Ноокат районундагы ал кездеги Жал совхозунда, Апшыр-Сай деген кереметтүү жери бар аймакта төрөлгөм. Эми сөз кылып отурса, ал бир өзүнчө дүйнө эле…
Желдет топтогон эркек мүнөз кыз
Үйдө балдардын улуусу болгондуктан, атам мага негизинен сырттагы оокаттын жумушун тапшырчу эле. Ал эми сиңдим Гүлайга үйдүн ичиндеги оокаттарды кылуу үлүшү тийген. Анын таасиринен улам, эркек мүнөз болуп калсам керек. Кар күрөп, огород менен арыкты чабуу менин мойнумда эле. Балдар менен теңтайлаша ойноп, командир болгонду жакшы көрөт элем. Улуу балдар командир боло берет экенсиң, сага кошулбайбыз десе, уруп жиберип, "желдеттердин" катарына тизгеним, эсимде. Албетте, ал учурларды эстесем, бир жылмайып коём. Айтор, шок болуп чоңойгонмун. Мындай эркектик мүнөз үчүн далай төпөш да жегем. Ал калыптанбаган каны суюк мезгилдер да.
Айдай качкан автоунаа. Колун булгалай чуркаган Исмаил аке
— Азыр эстесем, ал кездеги техника ээлеринин бир топ эле шаштысын алчу экенмин. Техникага ушунчалык жакын элем деп айтпадымбы жогоруда. Рулда отургандардын жанында бара жатып эле, тирмийип карап отуруп, кайсынысын эмне кылганда басыш керектигин, кантип от алдырып, кантип буруп, кантип өчүрүштү эстеп калчумун.
Көчөдө кандай техника турса, ал менден калчу эмес. Мотоцикл болсо аны минип кете берет элем. Ал эми кадимки машиналардын ачкычы сайылган бойдон калса, бүттү, аны көргөн Гүлшайыр кыя өтчү эмес. Азыр ойлосом, бирөөнү коюп кетсем эмне болот эле депөзүм коркуп кетем. Мага далайлар машина, мотоциклдерин уурдаткан. Велосипеддер мындай эле калчу.
Бир аз айдап баргандан кийин, токтотуп коюп, жылт койчумун, себеби, кармап алса, ачууланган айдоочулар өлтүрөт эле да мени. Кийин билсем, машина жоголгондо эле "баягы Гүлшайыр айдап качты" дешчү экен…
Отургучка жабышып калган эжем
"Газ-24" деген машиналарды көргөндө "ух-хх" көзүм жайнап кетчү. Айылда ал кезде машина деген кайда, бирин-серин эле болчу. Анан техникага болгон сүйүүм өчпөй, чыны айтайын, Кыргызстанды билбейм, бирок, түштүктө өзүнүн машинасы бар, рулга отургандардын алгачкыларынан болдум. 1983-жылы атам сыйлыкка тийген «Жигулисин» мага берди. Ош шаарында айдап жүрүп, токтоп калганда, «аял айдайт экен» деп кары-жашы дебей, тегеректеп калар эле. Азыркыча айтканда сенсация болгон. Кээде, колумду кармалап да көрүшчү. Абдан кызык болчу экен баамдасам, эми азыр жаңылык деле болбой калбадыбы. Биз ошентип чоңойгонбуз.
Айылдагылар мага дем-күч берет
Ал эми жаштарга кийинки муундарга айтарым, кичи мекениңерди сүйгүлө, ал эми айылда жашаган улууларга урмат көрсөтүп, батасын алгыла, алар өзгөчө адамдар. Алар көңүлү, жүрөгү таза инсандар.
Мен айылдаштарыма ушул кат аркылуу салам айтып, бекем ден соолук, бакубатчылык, ал эми айылыма гүлдөп-өсүүнү каалайм!