БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өлкөнүн аймагындагы абактарга азык-түлүк сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуу порталына жарыяланган маалыматка караганда азык-түлүктүн жалпы баасы 42 миллион 504 миң 578 сомду түзөт.
Көрсөтүлгөн каражатка азык-түлүктүн 19 түрү сатып алынат.
Тендер кечээтен тарта жарыяланып, мөөнөтү 7-сентябрда аяктайт.